Facebook өзүнө таандык WhatsApp мессенджериндеги жазышууларды окуйт. Максаты

© AFP / ARUN SANKARТелефондору тиркемелер. Архив
Телефондору тиркемелер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Изилдөөнүн авторлорунун билдиришинче, Facebook дүйнө жүзү боюнча миңдеген кишини жазышууларга мониторинг жүргүзүп, жеке маалыматтарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү үчүн жалдаган.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Facebook компаниясы өзүнө таандык WhatsApp мессенджериндеги колдонуучулардын жеке жазышууларын окуп жана бөлүшүп турат. Бул тууралуу "Известия" ProPublica аталышындагы коммерциялык эмес жаңылыктар кызматынын отчетуна шилтеме берип жазды.

Авторлордун айтымында, Facebook дүйнө жүзү боюнча миңдеген кишини жазышууларга мониторинг жүргүзүп, жеке маалыматтарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү үчүн ишке алган. Алар Facebook башчысы Марк Цукербергдин администрацияга билдирүүлөр көрүнбөйт деген сөзүн четке кагышты.

"Мындай ишендирүүлөр чындыкка туура келбейт. WhatsApp мессенджеринин Остин, Техас, Дублин, Сингапурдагы кеңселеринде келишимдик негизде миңден ашуун киши иштеп, колдонуучулардын контентин иликтөө менен алектенишет", — деген изилдөөнүн авторлору.

Ошол эле учурда Facebook кызматкерлери алар колдонуучулар даттанган адамдардын жазышууларын окуй турганын моюндаган. Күнүнө бир кызматкер 600дөй даттанууну карап чыгып, колдонуучулардын жеке маалыматтарын чогултарын жана айрымдарын "көзөмөлгө аларын" кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0