"Талибан" кыймылы Афганистан өкмөтүнүн жаңы курамын жарыялады

© AP Photo / Rahmat Gul"Талибан"* кыймылынын өкүлү Забиулла Муджахид
Талибан* кыймылынын өкүлү Забиулла Муджахид - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
"Талибан"* кыймылынын лидери Хайбатулла Ахунзада жаңы өкмөттүн курамына кирбей, мурдагы эле кызматын аркаламай болду.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылынын өкүлү Забиулла Муджахид маалымат жыйын учурунда Афганистан өкмөтүнүн жаңы курамын жарыялап, бул курам убактылуу экенин кошумчалады.

Анын сөзүнө таянып РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, министрлик кызматтар кыймылдын аты чыккан мүчөлөрүнө тийди.

Мисалы, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп "Талибан"* кыймылын негиздегендердин бири Мохаммад Хасан Ахун дайындалды. Ал 1996-2001-жылы тышкы иштер министри болгон. Талибдер режими учурунда Кандагардын губернатору болуп дагы иштеген. Анын орун басарлары болуп кыймылдын саясий кеңсесинде иштеген Мулла Абдул Гани Барадар менен Абдул Салам Ханафи көрсөтүлдү.

Талибан кыймылын согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
ЖМК: талибдер Кабулда антипакистандык акцияга чыккандарды таратуу үчүн ок чыгарды
Талибдердин жетекчилик кызматтарынын бирин аркалап келген Амир Хан Мутаки өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткарат. Ал эми коргоо министрлигинин башына табилдердин лидеринин орун басары Мохаммад Якуб келди. ИИМди Сараджуддин Хаккани, ал эми Куралдуу күчтөр штабын Кари Фасихуддин башкармакчы.

Tolo News телеканалынын билдиргенине караганда, кыймылдын лидери Хайбатулла Ахунзада жаңы өкмөттүн курамына кирбей, мурдагы эле кызматын аркаламай болду.

Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул кое баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти. Талибдер Афганистанга 20 жылга созулган согуш аяктады деп жар салды.

Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Бирок аталган аймактын лидери Шах Масуд провинциянын баары багынып бербегендигин, согуш уланарын айткан. Акыркы учурда маалымат талаасында Панжшердеги талибдер менен каршылык көрсөтүүчү күчтөр боюнча эки жактуу кабарлар айтылууда.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0