Франция менен Германиядагы шайлоого талибдердин таасири

© REUTERS / Murad SezerМиграция жителей Афганистана в Европу
Миграция жителей Афганистана в Европу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Европа биримдигинин ИИМ башчылары бетме-бет кезигип, мыйзамсыз мигранттардын жаңы агымын (бул ирет Афганистандан) кантип жайгаштыруу керектигин талкуулашты.

Болжол менен качкындар 8-12 аптадан кийин биримдиктин чек араларына жакындайт. "Европалык бейиштен" жай турмушту самап, жакшы жашоо издеп алар миңдеген чакырым жол басат, бул кеминде эле эки ай убакыт алат. Чек аралар жабык...

Мында таттуу кыялга берилген да болбойт. Шайлоого бир нече жума калган Германия да, добуш берүүнүн алгачкы айлампасы келерки жылдын апрель айынын ортосуна белгиленген Франция да алты жыл мурунку көрүнүштөн катуу чочулап турат. Ошондо канцлер Меркель ФРГнын гана эмес, бүтүндөй Европа биримдигинин дарбазасын качкындарга кең ачкан. Париж, Берлин, ал эми эң башкысы Брюсселдеги бийлик башындагылар европалык мүмкүнчүлүктөр менен миллиондогон мыйзамсыз мигранттарды ассимиляциялай алабыз деген ойго жетеленишкен.

Талибан кыймылынын согушкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Серепчи: талибдердин бийликке келиши террордук уюмдарга күч берет
Ушул тапта Европа каймактары иш жүзүндө өз үйүнөн ажырап калгандай абалдагы калктын нааразылыгын тыңдоодо. Таасирдүү IPSOS агенттиги жүргүзгөн сурамжылоонун былтыркы көрсөткүчтөрүнө үңүлсөк, Франциянын тургундарынын үчтөн экиси өз мамлекетинде өз үйүндөгүдөй сезе албай калышканын билдиришкен.

Кошмо Штаттар Афганистандагы 20 жылдык аракетине чекит коердон бир нече саат мурун Франция (Улуу Британия менен биргеликте) "эвакуация планын" ишке ашыруу далалатында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин талкуусуна резолюция долбоорун коюуну демилгелеген. Анда "афгандыктарды көчүрүү боюнча аракеттерин" улантууга мүмкүндүк бере турган париждик жана лондондук дипломаттардын "буфердик зонасын" түзүүгө тиешелүү эле.

Макрон муну айтып оозун жыя электе, Афганистандагы кырдаалды көзөмөлүнө алган Талибан* кыймылы андайга эч кимге жол бербестигин билдирүү менен "Франция ушундай абалга кабылса, Париж өзүнүн ички иштерине чет элдик кийлигишүүнү кубаттамак эмес" деп баса белгилеген.

Жекшемби күнү кечинде Франция президенти TF1 телеканалына (адатта мында журналисттер Елисей ордосу колго карматкан суроолорду гана узатат) берген маегинде шаабайы сууп калгандай көрүнгөнүн белгилешет айрымдар. Франциялык лидер анда "азыркы жагдайда ар бири учурдун жоопкерчилигин алууга тийиш" деп, Москва менен Пекинди макулдашулган (кимдер тарабынан экени белгисиз) аракеттерге барууга чакырды.

Ситуация в Афганистане после смены власти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Афган өкмөтүн жетектечү "Талибандын"* лидери Ахунзада тууралуу эмне белгилүү
Канцлердик тактыдагы мөөнөтү жыйырма чакты гана күн калган Меркель, албетте, партиясы бундестагга шайлоодо марага чыгышын самайт. Ошондуктан өтө кылдат позицияны карманып туру. Катуу декларациялардан да оолак болууга тырышат. Себеби бир жарым миллион сириялыкты европалык коомчулукка сиңирүү жагдайы белдүү немец басма сөз өкүлдөрү канчалык жымсалдап жазганына карабастан, көңүл жылытарлык эмес.

Дегеле принциптин жоктугу, анан да өз колдору менен жараткан көйгөйлөргө күнөөлүүлөрдү сырттан издөө... Эммануэль Макрондун алдыдагы шайлоо программасы азырынча ушундай өңүттө көрүнүүдө. Ал ортодо "Улуттук биримдиктин" лидери Марин Ле Пен биринчи айлампанын болжолдуу жыйынтыгы боюнча кыйла алдыга озуп барат.

Өлкөсүндө өз үйүндөгүдөй жашоону кайтаруу тууралуу кеп болгондо акыл калчай билген, мамлекетинин келечегин ойлогондор өз эрки менен добуш берери талашсыз эмеспи.

*Кыргызстан жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук кыймыл

Жаңылыктар түрмөгү
0