Серепчи: талибдердин бийликке келиши террордук уюмдарга күч берет

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүү"Талибан" кыймылынын согушкерлери
Талибан кыймылынын согушкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Серепчилер АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Афганистандан чыгып кетишин террордук уюмдардын жеңиши катары баалап, эми жарандык согуш чыгышы мүмкүн экенин божомолдоп жатат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылынын бийликке келиши менен Афганистанда террордук топтор күч алып, жарандык согуш башташы мүмкүн. Бул тууралуу серепчилердин пикирине таянып РИА Новости жазды.

"Аль-Каида", "Ислам мамлекети" сыяктуу уюмдар өз заарын АКШга төгөбү же ички согуш ачабы? Баары болушу мүмкүн. Кандай болсо дагы АКШнын Кабулдагы аэропорттон талибдердин үстөмдүгү алдында чыгып кетиши афгандык улутчул күчтөрдүн гана эмес, дүйнө жүзү боюнча радикал жихадчылардын жеңишинен кабар берет", — деди саясий серепчи Дэн Лазар.

Вашингтондогу Eurasia Center уюмунун вице-президенти Эрл Расмуссен Афганистандагы 20 жылдык согуш АКШнын "башаламан, өзгөрүлмө жана ийгиликсиз изилдөөсү" деген пикирге кошулат.

"Алгач биздин максат Усама бен Ладен менен "Аль-Каиданын" артынан түшүү экени айтылган. Бирок "Аль-Каиданы" жеңген күнү дагы ошол жерде калып, "Талибандар" менен тирешке өттүк", — деди адис.

Афганистандагы кырдаал

Американский флаг на одной из улиц в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
ЖМК: АКШ Афганистандан бардык дипломаттарын алып чыгып кетүүнү көздөөдө
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирген.

31-август күнү АКШнын аскерлери толугу менен Афганистандан чыгып кетти.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0