Афган өкмөтүн жетектечү "Талибандын"* лидери Ахунзада тууралуу эмне белгилүү

© REUTERS / STRINGERСитуация в Афганистане после смены власти
Ситуация в Афганистане после смены власти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Буга чейин "Талибандын" аскер комиссиясынын мүчөсү жаңы өкмөттүн курамы 3-сентябрда ачыкталарын айткан болчу.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Афганистандын өкмөтүн "Талибан"* кыймылынын лидери Хайбатулла Ахунзада жетектейт. Бул тууралуу Tolo News телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Аталган уюмдун маданият боюнча комиссиясынын мүчөсү Анамулла Самангани Ахунзаданын келиши чечилген маселе экенин билдирген.

© REUTERS / Social Media / File Photo"Талибан"* кыймылынын лидери Хайбатулла Ахунзада
Афган өкмөтүн жетектечү Талибандын* лидери Ахунзада тууралуу эмне белгилүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
"Талибан"* кыймылынын лидери Хайбатулла Ахунзада

Буга чейин "Талибандын" аскер комиссиясынын мүчөсү жаңы өкмөттүн курамы 3-сентябрда ачыкталарын айткан болчу.

Ахунзада тууралуу

Хайбатулла Ахунзада молдо "Талибандын"* учурдагы лидери болуп саналат. Таасири күч, шариат сотунда башкы сот. Ачык маалыматтарга караганда, курагы 60 жаштын тегерегинде.

Эки жагын сактана карап, чегинип бараткан америкалыктар. Кабул аэропортундагы видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Америкалыктар кеткенден кийин аэропортко кирип жаткан талибдер. Кабулдагы видео
Ахунзада уюмду 2016-жылдын май айынан тарта башкарып калган. Ага чейинки лидер Ахтар Мухаммад Мансур АКШнын аскер күчтөрүнүн чабуулунан көз жумган. Ахунзада тууралуу маалымат аз, бирок аскер өнөрүнө караганда диний маселелер менен көбүрөөк алек болуп келгени айтылат.

Афганистандагы абал АКШ аскерлери чыга баштаган маалда курчуп отуруп, акыры талибдер өлкөнү толугу менен каратып алды. Азырынча согушкерлерге баш ийбеген жалгыз Панжшер провинциясы. Чет өлкөлүктөрдү жана союздаштарды чыгарып кеткенден кийин Кабулдагы аэропорт дагы "Талибандын"* карамагына өткөн.

30-август күнү өлкө аймагындагы АКШ контингенти толук чыгарылып бүттү.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0