Афганистандан америкалык аскерлер толугу менен чыгып кетти. 20 жылдык миссия

© REUTERS / U.S. Central Command/Handout Взрыв в аэропорту Кабула
Взрыв в аэропорту Кабула  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
"Талибан"* кыймылынын саясий бюросунун расмий өкүлү Мохаммад Наим эми Афганистан толугу менен талибандардын көзөмөлүндө деген билдирүүсүн жасаган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Пентагон АКШнын Афганистандагы миссиясынын аяктагандыгын, аталган өлкөдө америкалык аскер калбай чыгып кеткендигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Аскерлерди чыгарып кетүү менен 20 жылдык миссия аяктады. Афганистанда АКШнын аскери калган жок", — деген брифингде Пентагондун өкүлү, генерал Кеннет Маккензи.

Ал эми "Талибан"* кыймылынын саясий бюросунун расмий өкүлү Мохаммад Наим эми Афганистан толугу менен талибандардын көзөмөлүндө деген билдирүүсүн жасаган.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Эрдоган: талибдер Анкарадан Кабул аэропортун башкарууну суранышты
"Ооба, Афганистандан акыркы чет элдик аскер чыгып кетти. Эми өлкөнүн бардык аймагы "Талибандын"* көзөмөлүндө калды. Эми биздин мамлекет эркин жана көз карандысыз болду", — деген Наим.

"Талибан"* АКШ менен анын союздаштарына өз контингентин 31-августка чейин Афганистандан эвакуациялап кетүүнү бир нече ирет талап кылган. Учурда талибдер Панжшер провинциясын кошпогондо аталган республиканын бардык аймактарына көзөмөлүн орнотту.

Панжшерде мындан 20 жыл илгери террорчулар өлтүргөн антиталибдик "Түндүк альянстын" лидери Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд учурда лидерлик кылып турат. Ал "Талибандын"* бийлигин таануудан баш тартып, аймак талибдерге жападан жалгыз каршылык көрсөтүп турат.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0