Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 4,5 миллиондон ашты

© AFP / ARUN SANKARКоронавирустан каза болгон адамды көмүп жаткан адамдар. Архив
Коронавирустан каза болгон адамды көмүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Жазылуу
Жон Хопкинс университети каза болгондордун жалпы санын статистиканын жана ачык булактагы маалыматтардын негизинде эсептеп чыккан.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан көз жумгандардын саны 4,5 миллиондон ашты. Бул тууралуу РИА Новости Жон Хопкинс университетине шилтеме кылып жазды.

Родильный дом для больных Covid-19 в Волгограде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
COVID курсактагы түйүлдүккө кандай кесепетин тийгизет? Жаңы иликтөө
Аталган окуу жай расмий маалыматтарды жана ачык маалымат булагындагы статистикаларды карап эсептеген. Ага ылайык, 30-август күнү Бишкек убактысы боюнча саат 06.05ке карата жер бетинде COVID-19дан жалпы 4 миллион 500 миң 135 адам кайтыш болгон. Ал эми ооругандар 216,3 миллиондон ашкан.

Көз жумгандардын эң көбү АКШда катталган (637 миңден ашык).

Жаңылыктар түрмөгү
0