ЖМК: АКШ Афганистандан бардык дипломаттарын алып чыгып кетүүнү көздөөдө

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАмериканский флаг на одной из улиц в Вашингтоне
Американский флаг на одной из улиц в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жазылуу
Буга чейин "Талибан"* кыймылы АКШдан өзүнүн куралдуу күчтөрүн чыгарып кеткен учурда дагы дипломаттарын Афганистанда калтыруусун суранган.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден келе жаткан шейшемби күнгө чейин Афганистандан бардык дипломаттарын чыгарып кетүүнү пландап жатат. Бул тууралуу АКШлык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.

Буга чейин "Талибан"* кыймылы АКШдан өзүнүн куралдуу күчтөрүн чыгарып кеткен учурда дагы дипломаттарын Афганистанда калтыруусун суранган. Бирок Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Нед Прайс АКШлыктар Афганистанда дипломатиялык миссиясын мындан ары аткарары же аткарбай тургандыгы тууралуу чечим кабыл алына электигин билдирген эле.

Америка өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери мурда эле элчиликтин имаратынан чыгып кетип, учурда Кабул аэропортунун аймагында өз ишин улантып жатканы айтылууда.

Афганистандагы кырдаал

Эвакуация в международном аэропорту Хамида Карзаяв Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Талибдер афгандыктарды Кабулдагы аэропортко киргизбей жатышат
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирген.

Талибдер чет элдиктер өз жарандарын 31-августка чейин чыгарып кетиши керектигин жар салган.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0