Кабулдагы терактыдан кийин АКШ Афганистанга абадан сокку урду

© AP Photo / Cpl. Davis HarrisАКШнын аскери Кабулдагы эл аралык аэропортто
АКШнын аскери Кабулдагы эл аралык аэропортто - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Эске салсак, 26-августта Афганистандын борбору Кабул шаарынын аба майданында эки жарылуу болуп, 100дөн ашуун киши көз жумган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Американын аскерлери Афганистандын чыгышындагы Нангархар провинциясына абадан сокку урушту. Учкучсуз башкарылган учактын жардамы менен "Ислам мамлекети"* террордук кыймылынын согушкери жок кылынган. Бул тууралуу РИА Новости АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук кол башчылыгынын маалыматына таянып жазды.

"АКШнын куралдуу күчтөрү ИМ* согушкерине каршы контртеррордук операция жасады. Учкучсуз башкарылган учак аркылуу Нангархар провинциясына сокку урулду. Алдын ала маалымат боюнча, согушкер жок кылынды. Жарандар арасында жоготуулар жок", — деп айтылат билдирмеде.

Мындай сокку Кабулдун аэропортуна чукул жердеги терактыдан кийин жасалган. Ал кырсыктан Американын 13 аскери каза болгон. Пентагон бул операция терактыга байланышы бар-жогун так айткан эмес.

Ситуация в Афганистане после смены власти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Байден терактыдан кийин Афганистанга кошумча күчтөрдү жиберүүгө даяр
Эске салсак, 26-августта Афганистандын борбору Кабул шаарынын аба майданында эки жарылуу болгон. Анын бири чет элдиктер (АКШ жана Улуу Британия жарандары) чогулган Baron отелинин жанында жаңырган. Жан кечти террорчу бул ишти жасагандан кийин эле мина коюлган автоунаа да жарылган.

Афганистандын Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенине караганда, 100дөй адам өлүп, 150гө чукул киши жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0