Эрдоган: талибдер Анкарадан Кабул аэропортун башкарууну суранышты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүТүркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Эрдоган талибдердин сунушу боюнча чечим кабыл алына электигин айтып, биринчиден Түркиянын жарандары менен аскерлерин чыгарып кетүү керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы Анкарадан Кабулдагы аэропорттун башкаруу иши менен алектенүүнү суранышты. Бул тууралуу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган билдиргенин РИА Новости жазды.

"Алар "коопсуздук үчүн өзүбүз жооп беребиз, башкарууну силер алып тургулачы" деп кайрылышты. Бирок бул боюнча биз азырынча чечим кабыл ала элекпиз. Азыр биздин негизги жумуш — өзүбүздүн жарандар менен аскерлерди чыгарып кетүү", — деди ал.

Эрдоган Афганистанда мамлекет башчы жок экенин эскертип, "жагдайды жалпылап кароо керектигин" белгилеген.

Афганистандагы кырдаал

Экс-президент Афганистана Хамид Карзай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
ЖМК: талибдер Афганистандын экс-президентин үй камагына алышты
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Өткөн жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0