Байден Кабулдагы жардыруудан соң "Ислам мамлекетине" чабуул даярдоону буюрду

© AP Photo / Patrick SemanskyПрезидент США Джо Байден
Президент США Джо Байден  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Байден адам өмүрлөрүн алып кеткен жардырууну жасагандар жазасын аларын айтып, АКШ аларга жетүүнүн жолдорун табарын билдирген.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден "Ислам мамлекети"* террордук уюмунун бир бөлүгү "Вилаят Хорасандын" лидери менен объектилерине сокку уруу боюнча буйрук берди. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

ЖМКлардын жазганына караганда, аталган уюм Кабулдун аэропортундагы жарылууну жасагандыгын мойнуна алган.

"Командачылыкка "Ислам мамлекети" менен "Вилаят Хорасандын" жетекчилигине, объектилерине жана активдерине сокку уруу боюнча ыкчам пландарды иштеп чыгууга буйрук бердик. Өзүбүз тандаган жерде жана маалда аларга күчтүү жана таптак жооп беребиз", — деген Байден.

Афганистанда Чаман шаарында көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Азап-кайгы, бүдөмүк тагдыр. Афгандык качкындардын таасирдүү 14 сүрөтү
Президент чабуулду жасагандар жазасын аларын айтып, АКШ аларга жетүүнүн жолдорун табарын билдирген. Байден муну менен бирге эле Афганистанда болуп жаткан окуялардын бардыгына өзүнүн жоопкерчилигин "фундаменталдуу" түрдө мойнуна аларын айткан.

Эске салсак, кечээ, 26-августта, Афганистандын борбору Кабул шаарынын аба майданында эки жарылуу болгон. Анын бири чет элдиктер (АКШ жана Улуу Британия жарандары) чогулган Baron отелинин жанында жаңырган. Жан кечти террорчу бул ишти жасагандан кийин эле мина коюлган автоунаа да жарылган.

Афганистандын Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенине караганда, 100дөй адам өлүп, 150гө чукул киши жаракат алган. Мурдагы кабарларда көз жумгандардын саны 40 киши деп айтылган болчу. Пентагондун маалыматтарына таянсак, каза тапкандардын арасында америкалык 13 аскер бар. Дагы 12си жаракат алган.

ЖМКлар "Ислам мамлекетинин"* билдирүүсүнө таянып, аба майдандагы жарылууну алар жасагандыгын жазды. АКШ чабуулга "Вилаят Хорасан" тобунун да тиешеси бар экенин белгилөөдө.

Афганистандагы бийлик алмашуу

Афганистандан америкалык аскер күчтөр чыгарылып жатканда "Талибан"* кыймылынын согушкерлери чабуулга өтүшкөн. Өлкөдөгү бир катар ири шаарларды басып алып, 20 жылга созулган согуш аяктаганын жар салган. Азыр мамлекетте башкаруунун кандай формасы болору талкууланып жаткан маал. Жаңы бийликке жакын маалымат булактардын РИА Новостиге билдиргенине караганда, бийликти 12 кишиден турган кеңеш башкарат.

Эвакуация в международном аэропорту Хамида Карзаяв Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Талибдер афгандыктарды Кабулдагы аэропортко киргизбей жатышат
Ал эми атасы Ахмад Шах Масуд мындан 20 жыл мурда террорчулардын колунан набыт болгон Ахмад Масуддун аскерлери жайгашкан Панжшер провинциясы талибдерге каршылык көрсөткөн жападан жалгыз очок болуп калууда.

Талибдер Афганистандын арбын бөлүгүн ээлегенден кийин АКШ аскерлеринин кайтаруусундагы Кабул аэропорту аркылуу чет элдиктер жана аларга көмөкчү болгон жергиликтүү тургундар да эвакуацияланып жаткан.

* – Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0