Аргентина "Спутник V" вакцинасы жаңы штаммдардан кантип коргой аларын аныктады

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүПункт вакцинации в парке "Роев ручей" Красноярского края
Пункт вакцинации в парке Роев ручей Красноярского края - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Чет элдик окумуштуулардын иликтөөсүнө караганда, жаңы штаммдарга каршы турчу антителолор эмдөөдөн кийин жарым жыл ичинде калыптанат.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Аргентиналык окумуштуулар коронавирустун мутация болгон жаңы штаммдарына каршы антитело эмделген соң жарым жыл ичинде калыптанарын далилдешти. Бул тууралуу Sputnik радиосу кабарлады.

medrxiv.org порталына жарыяланган макалага караганда, россиялык "Спутник V" вакцинасынын вируска каршы таасири жарым жыл ичинде өсүп отуруп, эң күчтүү чегине жетет.

Иликтөөгө өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин, Буэнос-Айрес университетинин, Вашингтон университетинин (АКШ) жана башка мекемелердин адистери катышкан.

Шприц. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
COVID-19га каршы вакцинаны күзгө чейин алуу керек. Дарыгер себебин түшүндүрдү
Изилдөөчүлөр Россиянын вакцинасын алган 1,8 миң кишиден январдан август айына чейин кан алып текшерип турган. Окумуштуулар антителолордун калыптануу жолун жана "альфа", "бета", "гамма", "дельта" жана "лямбда" штаммдарына канчалык каршы тура аларын билүүнү максат кылган.

Аргентикалык адистердин иликтөөсүнүн жыйынтыгынын үзүндүсү Россиянын түз инвестициялар фондунун расмий сайтына жарыяланды. Андагы маалыматка караганда, жаңы штаммдарга каршы турчу антителолор эмдөөдөн кийин жарым жыл ичинде калыптанат. Өзгөчө "бета" жана "гамма" штаммдары ал кездеги антителого туруштук бере албасы аныкталган.

"Спутник V" вакцинасы Аргентинада өткөн жылдын декабрь айында каттоого алынган. Аргентина Россия менен Беларустан кийин эле препаратты өз аймагында колдонууга уруксат берген өлкө.

Жаңылыктар түрмөгү
0