Украина: каатчылык мааракеси

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүКиевдеги Эгемендүүлүк аянтында өтүп бараткан кишилер. Архив
Киевдеги Эгемендүүлүк аянтында өтүп бараткан кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Украина формалдуу көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын шаан-шөкөт менен белгиледи. Бирок украиналык каатчылык көпчүлүк ойлогондой 2014, ал түгүл 2004-жылы да эмес, дал ошол украиналык эгемендүүлүк жарыяланган тушта (СССР расмий түрдө ыдыраганга чейин эле) эле башталган.

Ошондо эле советтик республикалардын жетекчилери жарандык принцибине негизделген заманбап мамлекет куруу ниетин амалкөйлөнүү менен билдиришкен. Ал эми чындыгында этникалык жалган кыялдарга жетеленишкен. Бул тандоо кийинки көйгөйлөрдү бүт алдын ала аныктап койгон. Эл аралык баяндамачы Ростислав Ищенко кезектеги макаласында да Украина темасынан кеп козгогон.

Дароо эле жергиликтүү орус коомдоруна каршы багытталган “жаран эмес” институтун киргизген Латвия жана Эстониядан айырмаланып украиналык улутчулдар кысымын акырындык менен күчөткөн. Ошондуктан түптөлгөн учурунда салыштырмалуу чабал саясий каатчылыкты баштан кечирген прибалтикалык мамлекеттер жергиликтүү орустардын каршылык көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүнүн баарына бөгөт кое алган. 90-жылдардын башында Россия саясий жактан чабал, экономикалык жактан көңүл бурдурарлык эмес эле. Анан да Прибалтикадагы орустардын көпчүлүгү кандай болсо да жергиликтүү коомго сиңип кетүүнү туура көрүшкөн. Анте албагандар Россияга жер которушкан, анткени 90-жылдары РФтин миграциялык мыйзамдары иммиграцияга жагымдуу шарт түзгөн.

Адегенде орустар туурасында

Украина башка жолду тандаган. Мыйзам жагынан бир топ мезгил бою орустардын укугу дээрлик чектелген эмес. Украиндештирүү ушунчалык тымызын жүргүзүлгөндүктөн калктын көп бөлүгүнө дээрлик байкалган эмес. Бул этникалык дүйнөнү сактоого, жергиликтүү орустарды ыктыярдуу түрдө чыныгы (паспорттук эмес) украиналыктарга “айлантууга” мүмкүндүк берген.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
30 жылдан кийинки Украина: тандоодон тайыганда...
Бирок 2005-жылдан (Ющенкого тактыга отургандан) тарта мамлекет мыйзамдуу түрдө маалымат каражаттарында, маданият жана искусстводо тил квоталарын бекитип, ойлорун ишке ашырууга белсенген. Украинанын шаарларынын көбүндө орус тили гана жаңырары боюнча расмий өкүлдөр нааразычылыгын билдирген. Билим берүүнү аргасыз украиндештирүүгө киришкен. Баш калаасындагы орус мектептер бара-бара элиталык билим берүү мекемелерине айланган, анткени төрт миллиондук шаарга онго жетпеген гана орус мектеби калган.

Украинанын батышында орус тилиндеги билим берүү дээрлик толугу менен жоюлуп барат. Мамлекеттик пропаганда Украинада жашап туруп тил билбестик - өксүк деген ойду акырындап сиңире берген. Украинадагы орус тилдүү жарандардын көпчүлүгү украинче сүйлөшчү, анткени УССРдеги мектептерде жергиликтүү тил милдеттүү түрдө окутулган. Болгону адамдар төрөлгөндөн тарта көнүп калган эне тилинде баарлашууну туура көрүшкөн. Бирок орус тилдүүлөрдүн өксүк тезиси таасир этип отуруп, эл тандай башташкан. Кай бири өзүн кыйнап украинчени тиричиликте да колдонууга өткөн. Айрымдар каршы чыга башташкан. Мамлекет тил маселесин катаалдатып отуруп, майдандын орус тилдүү активисттеринин да кыжырына тийип алат.

Андан соң улутчулдар аракетке өткөн

Натыйжада бүгүн ансыз да ар кошкон украиналык этносаясий реалдуулук мурдагыдан да бытыранды болуп кетти. Украинада жашаган орустар Россияга кетүүнү каалагандарга жана Москва Украинанын ишине бир нерсе куруп же акча берүүдөн бөлөк кийлигишпей турган союздук түзүмдүн калыптанышын самагандарга бөлүнгөн. Ал эми украиналыктар арасында ЕБ жана НАТОго киргизе турган киши табылмайынча президенттер менен эксперимент кылууну дагы улантуу керек деп эсептегендер бар. Дагы бир топ Украина аймагында этникалык автаркияны түзүүнү көксөйт, алар аны болочоктогу “жогорку расанын” инкубатору катары көрүшөт. Ошондой эле ызага баткан, орустардын катарынан да чыгып, украин да боло албай калганын сезген майдандын орус тилдүү активисттери жана “АТО баатырлары” да жок эмес. Сиздер көрүп тургандай, мындай оор жагдайда мамлекетти түзгөн элдин туруктуулукка жетишине али көп бар.

Украинанын жана Европа Биримдигинин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Саясий жана насыялык көз карандылык: ЕБ менен биригүү Украинага эмне берди?
Каржылык-саясий топтордон турган элитанын дагы абдан чачыранды экени да абалды курчутат. Анткени украиндештирүү үчүн күрөш экономиканын кыйроого кептеди. Ушундай эле көйгөйгө коом да тушукту. Жумуш орундары таптакыр тартыш, реалдуу маяна кескин төмөн жана баалардын өсүшүнөн улам кеминде эле он миллион (украиналык расмий маалымат боюнча) жаран чет өлкөдө туруктуу иштейт. Пессимисттер бул көрсөткүч 15 миллион экенин белгилешет. Украинанын реалдуу калкы бүгүнкү күндө 35 миллион экенин эске алсак, ар бир үйдөн бир киши чет өлкөдө жан багат. Бүт мүчөлөрү толук Украинада гана жашап, эч жакка кетпей эле бактылуу өмүр сүргөн миңдеген үй-бүлөлөрдү да билебиз. Зеленский, Кучма, Тимошенконун туугандарына сыртка иштеп кетүүнүн зарылдыгы жоктугун түшүнүү менен орточо көрсөткүчтөрдөн кеп кылуудабыз. Бирок бул бакубаттуулук Украинадан баары чыгып кеткен, айрымдары биротоло жер которгон эбегейсиз сандагы үй-бүлөлөрдүн эсебинен камсыздалат. Кептин баары украиналык жарандыктан РФ жарандыгына өткөндөр жөнүндөгү Россия менен Украинанын маалыматтарындагы айырмачылык да асман менен жердей (40 эсе) экенинде.

Беш жыл ичинде эле Россия тарабынан украиналык жарандарга дээрлик миллион (Крымды жана быйылкы маалыматтарды кошпогондо) паспорт берилген. Ал эми Украина бул убакыт аралыгында бир жарым миң жараны гана мекен алмаштырган деп эсептейт.

Жыл сайын венгер, румын паспорттору, поляк карталары (Польша жарандыгын алууну тездетүүгө укук берген документ) 30 жылдан бери миңдеп, ал тургай он миңдеп таратылат. Украиналыктар Италия, Португалия, Улуу Британия, Германия, Австралия, Канада, АКШ жарандыгын да алууда. Башкача айтканда, украиналык расмий түзүмдөрдүн өлкөдөгү демографиялык абалды мүнөздөгөн маалыматтары аргасыздан ашыкча бааланган. Бирок эң оптимисттик баалар да украиналык коом кадыресе коомдук турмушту калыптандырууга да, өз мамлекеттүүлүгүн кайра жандандырууга да күчү жок. Эми тышкы жардамсыз болбойт. Украиналык каатчылыкты ички ресурстун эсебинен жеңе алышпайт. Анткен менен ушул тапта тышкы кийлигишүү болору да арсар. Украина коому жик-жикке бөлүнгөнү менен ар кыл топтордун басымдуу бөлүгүнүн Украинанын келечегинен үмүтү чоң. Кээ бири өлкөнүн өз күчүнө таянса, дагы башкалары Батыш баары бир таштабайт деген пикирде, айрымдары Россия кол сунат деп күтөт.

Митинг против коррупции в Киеве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Постсоветтик мейкиндикке сабак болчу украиналык тажрыйба
Калктын саны кыскарып, саясий жана административдик түзүмдөрдүн натыйжалуулугу төмөндөп, экономикалык байланыштар үзүлүп, коомдо азыркыдай ажырым болуп турган мындай абал дагы эки-үч жылга созулушу ыктымал. Элдин азайышы кам көрүлчү жарандардын санынын кыскарышына, украиналыктардын өздөрү тарабынан экономикалык инфраструктуранын талкаланышы аны кайра калыптандыруу маселесин жоюп, саясий институттардын деградациясы алардын жаңыларын түзүүнү жеңилдетет. Ошентип, соңку он жылда курч мүнөзгө өткөн украиналык отуз жылдык каатчылыктан чыгуу кандай болгон күндө да тышкы кийлигишүүсүз болбостугун болжоого түртөт. Ансыз бул территория жана анын калкы деградацияга мындан ары да бата берет. Маселенин баары андай кийлигишүү кызыкдар өлкөлөрдүн баары тарабынан макулдашылып, үндөш жүргүзүлгөндө гана майнап чыга турганында. Буга узакка созула турган сүйлөшүү жана макулдашуулардан кийин гана жетишүүгө болот. Ал эми андайга азыр аракет да көрүлгөн жок.

Түзүлгөн геосаясий реалдуулукту эске алганда мындай кийлигишүү үчүн шарттар капыстан жаралып, ал эми окуялар алдын ала кабыл алынган планга ылайык түзөтүүгө ээ-жаа бербестен өзүнөн өзү өнүгүшү мүмкүн. Бул өз кезегинде улам өзгөрүп турган жагдайга карата ийкемдүү ыкчам чара көрүүнү талап кылат.

Мындай кыйын кырдаалда максималдуу натыйжага стратегиялык максатты жана аны ишке ашыруу үчүн ресурстардын чектелген көлөмүн алдын ала аныктап алган учурда гана жетүүгө болот. Бул Украинада калган калк үчүн көңүл жылытарлык эмес экени талашсыз. Бирок чоочун саясаттагы чыгымдалган материалдардын ролун ал өзү отуз жыл оболу тандап алып, алигүнчө ошол чечимин дайым тастыктап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0