Баягы эле ката. Украинада бийлик эмне үчүн туруктуулукту камсыз кыла алган жок?

© Sputnik / Александр Максименко / Медиабанкка өтүүКиев шаары, Украина. Архив
Киев шаары, Украина. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Жазылуу
Каатчылык, революциялар, олигархат жана карыз... Көз карандысыз Украинанын 30 жылдык тарыхы ушундай мүнөздөлөт. СССРдин эң ийгиликтүү өлкөлөрүнүн бири кантип катардан чыгып калганын саясат таануучулар түшүндүрүп беришти.

Украинанын түмөн көйгөйлөрүнүн баарына Россияны айыптоого кынык алып калган Киев мында эмнегедир өлкөнүн экономикалык жана ички саясий кыйынчылыктарга 2014-жылга чейин эле тушукканын айткысы келбегендей.

Каатчылык өлкөдө туура 30 жыл мурун, Советтер Союзу ыдыраары менен эле башталып, ушул күнгө дейре уланып келет. Бийликтин кайсы аракеттери Украинаны узак мөөнөткө созулган кыйын абалдан чыгууга тоскоол болуп келет? Буга жооп Sputnik агенттигинин материалында.

Олигархтарды сыйлашкан. Себеби эсибизде жок...

Негизги катачылыкты Украина көз карандысыздыкка ээ болору менен кетирген. Өлкө жетекчилиги улуттук өзгөчөлүккө басым жасап, тезинен советтик тарыхынан арылууга умтулуу менен этнократиялык мамлекет курууну чечкенин эскерет саясат таануучу Алексей Кочетков.

"Өлкөдө жаңы идентификацияны түзүшмөк болгон. Бул стратегия ошондо эле Россия менен жай, ал эми ушул таптагы ачык жаңжалды боолгологон. Өлкө ичинде да "орустар – украиндер" багыты боюнча жаңжалга кептебей кое алмак эмес деп белгилейт ал. Буга Украинанын экинчи президенти Леонид Кучманын китебин мисал келтирсек болот.

Украина армиясынын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Украиналык армия – 2021: куралданышы жана даярдыгы
Аны өлкө башчысы тактыда отурган кезинде чыгарган. Китеби да кыйла чечендик менен "Украина – Россия эмес" деп аталган. Эки мамлекеттин эзелки тарыхый байланыштарына эмес, тескерисинче, украин жана орус элдеринин бардык айырмачылыктарына басым жасаганы аталышынан эле түшүнүктүү. Айтмакчы, дал Кучманын тушунда өлкөнүн ири заводдорду жана ишканалары менчиктештирилген. Ошентип өлкөдө олигархтар тобу түптөлгөн. Ал эми бул маселе да маанилүү деп эсептейт Алексей Кочетков.

"Олигархтар кланы советтик мурасты бөлүштүрүүгө киришкен, ал эми ошондо Украинанын экономикасы мурдагы күчүнөн тайган. Айрым ишканалар иштей албай калган. Себеби СССРдин жоюлушу менен сатуу рыногу өзгөргөн же технологиялык байланыш үзүлгөн, - дейт эксперт, – Бул ишканаларды андан ары өнүктүрүп кетүүгө болор эле, бирок жаңы кожоюндарга аларды банкрот кылуу жеңилирээк болгон".

Натыйжада өлкөдө олигархаттын өкүлдөрүнүн ортосунда аягы көрүнбөгөн күрөш башталат, ар бири экономикалык ресурстарды көзөмөлдөөгө умтулат. Кучма президент болуп турганда өлкөнүн эң бай жарандарынын бири Виктор Пинчук эле. Ал Леонид Кучманын күйөө баласы болчу.

Украинанын үчүнчү президенти Виктор Ющенко ачык эле батышка ыктаган саясаты менен гана эмес, Ринат Ахметов жана Игорь Коломойскийге "Эмгек сиңиргендиги үчүн" I жана III даражадагы орденди ыйгарганы менен эсте калды.

Маалымат каражаттары президенттен аталган олигархтар кайсы эмгеги үчүн сыйланганын сурашканда так жооп жаңырган эмес. Ющенко себебин эстей албай койгон.

Документ эч нерсеге арзыбайт

"Мындай шарттарда туруктуу саясий система пайда болмок эмес, - деген пикирин билдирет Алексей Кочетков. – Өлкөдө "баары баарына каршы" күрөшү тынымсыз жүрүп турган, ошондуктан чындыгында Украина мамлекет болуп калыптана алган жок". Толук кандуу мамлекетте куру дегенде эле мыйзам иштейт деген оюн билдирет саясат таануучу.

Митинг против коррупции в Киеве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Постсоветтик мейкиндикке сабак болчу украиналык тажрыйба
Ал ортодо Украинанын Мамлекеттик суверенитет жөнүндөгү декларациясы иш жүзүндө аткарылбайт. Документтин экинчи бөлүмүндө "эч бир саясий партия, коомдук уюм, башка топ же адам бүтүндөй Украина калкынын атынан сүйлөй албастыгы" жазылган. Бирок өлкө үчүн маанилүү бул мыйзам да бешинчи президент Петр Порошенкону кызматынан, ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланууга бөгөт боло алган эместей. Анткени бийлик алмашканда ага ушунчалык көп кылмыш иши козголгон, так канча экенинен Порошенконун жактоочусу Илья Новиков да жаңылат.

"Порошенкого козголгон иштердин канчанчысы каралып жатканын сурай беришет. Баягыдай эле биздин кабарыбыз жок же так айта албайбыз, бирок азыркы маалда 58 кылмыш иши бар", - деп билдирген ал былтыр. Порошенкого козголгон эң чуулгандуу иштердин бири – бул "Ивушка" эс алуу базасынын тагдырын иликтениши.

База Украинадагы азиздер коомуна таандык эле, бирок аны Петр Порошенкого байланышы бар делген "Союз-Инвест" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрүнө сатып жиберишкен.

Канткен күндө да Порошенко акчага деле муктаж эмес, ишкер катары ал Forbes тизмегинде эле. 2021-жылдын март айындагы маалыматтарга таянсак, анын байлыгы 1,6 млрд долларга бааланган.

Жаңы жүздөр, бирок ошол эле адаттар

Олигархат менен күрөшүүгө умтуларын Порошенкодон кийин шайланган президент Владимир Зеленский көп жолу кайталап келген. Олигархтардын бийликке тийгизген таасирин азайтууга ал шайлоо алдында убада берген. Бирок 2020-жылдын май айында Разумков борбору тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча, украиналыктардын 71%ы Зеленский сөзүнө турбаганын айтышкан.

Быйыл гана Украина парламентинин сайтында олигархтарды улуттук коопсуздукка коркунуч катары караган мыйзам долбоору жарыяланды. Мындан сырткары, Владимир Зеленский Украинанын эң ири "1+1 медиа" медиа тобуна ээлик кылган Игорь Коломойскийге каршы чыга баштады. Эске салсак, Зеленскийдин шайлоо алдындагы кампаниясынын бөлүгүнө айланган "Элдин кулу" ("Слуга народа") сериалын көрсөткөн "1+1" телеканалы дал ушул медиатоптун курамында.

Экономист Михаил Хазин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Михаил Хазин: Украинанын элитасы өлкөнү ойлобойт
"Киевдин расмий чөйрөсүндө баягы эле каталар кайталанууда, - деп баа берет кырдаалга саясат таануучу Владимир Корнилов. – Мында оюнчулар гана алмашат. Өлкөдө көйгөйлөр күч менен чечилет (2004-жылдагы кызгылтым революция жана 2013-2014-жылдардагы Евромайдан – Ред.). Ушундай ордо оюндарынын кесепетинен ондогон жылдардан бери адамдар гана орун алмашып келе жатат. Ортодо Зеленский өңдүү кайсы бир адамдар пайда болуп калат, бирок олигархтар баягы эле".

Канткен менен мурдагы санаалашын кодулоо Зеленскийдин беделин бийиктетпейт. Президенттин рейтинги коронакаатчылыктан улам да төмөндөп барат.

Өлкөдөгү жагдай Украинанын медициналык тутуму пандемияга даяр эместигин көрсөттү. Карантин көбүнесе кагаз жүзүндө гана киргизилген, муну вакцинанын таңсыктыгы, илдет жуктургандардын көп болушу тастыктады.

"Зеленскийдин болгон иши – нормалдуу мамлекет сымал көрсөтүмүш болушу, - дейт экономика илимдеринин доктору, РФ өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинин проректору Алексей Зубец, – Ал эми Украина – бул чел-мамлекет, расмий түрдө бар, бирок ал эми ичи бош. Мамлекет өз жарандарынын алдындагы социалдык милдеттенмелерин аткара албайт".

Маанилүү маселелерден башкасынын баары

Өлкө ичиндеги чыңалып турган абал бийликти чыныгы көйгөйлөр, атап айтсак, жемкорлук, өнөр жай жана саламаттык сактоодогу каатчылык жөнүндө ойлонууга түртүүгө тийиш эле. Бирок анын ордуна Киев улуттук азчылыктардын тилинде сабак өтүүнү кыскарткан "Толук жалпы орто билим жөнүндөгү" мыйзамга кол коюп, тил жаңжалдары калктын турмуш деңгээлинен маанилүүдөй көрөт.

Анан да өлкө негизинен Украинанын коммунисттик партиясына тыюу салууда гана байкалган декоммунизацияны реалдуу маселе катары көрөт. Киев СССРдин режимин нацисттик деп эсептөө менен советтик символикаларга да тыюу салган.

Саясат таануучу жана публицист, Украинанын төрт президентинин мурдагы кеңешчиси, Жогорку раданын V чакырылышынын депутаты Дмитрий Выдрин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
"Крым платформасы" — пайдасыз саммит. Саясат таануучунун пикири
Анткен менен өлкөдө 18-августта 1941–1944-жылдар аралыгында 30 миң еврейди өлтүрүүгө тиешеси бар нацисттик кылмышкер Омелян Грабецтин 110 жылдыгы белгиленди. Ошол эле убакта саясатчы, "Оппозиционная платформа – За жизнь" партиясынын лидери Виктор Медведчук өлкөдөгү эң коркунучтуу киши деп эсептелет.

Азыр Медведчукка "мамлекетке чыккынчылык", "согуштун мыйзамдарын жана салттарын бузуу" деген кине коюлган. Партиялаштарынын айтымында, оппозициялык лидер "Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин элесин сактап, анын баатырларын эскерүү туурасындагы өз демилгелеринен тайбастыгын" жарыялагандан кийин ушундай куугунтуктоолор башталган.

Медведчукка тагылган күнөөлөр жик салынган украиналык коомду да айран таң калтырат. Социология жана жарандык коом институтунун маалыматы боюнча, сурамжылоого катышкан украиналыктардын 60 пайызы аталган саясатчыда айып жок деп эсептешет. Карапайым калк Украинанын чыныгы көйгөйлөрү башкада экенин билет.

Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүдөн баш тартуу же орус тили менен күрөшүү жумушсуздукту жоюп же каатчылыктан чыгарып жибербейт. Демек, майда-чүйдө нерселерден тутанган жаңжалдар элди чыныгы маанилүү маселелерден алаксытып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0