АКШ: Байденге импичмент жарыялаган резолюция долбоору Конгресске киргизилди

© REUTERS / Ken CedenoПрезидент США Джо Байден
Президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Конгрессмен айым президентти 10 миң америкалыкты афгандык “Талибан”* кыймылынын кол астына калтырып кетти деп айыптоодо.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Чырдуу окуялары менен таанымал конгрессчи Марджори Тейлор Грин Конгресске АКШ президенти Жо Байденге үч импичмент жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын ичинде Афганистан маселеси да камтылган.

Жорджия штатынан шайланган республикачыл эл өкүлү Байденди ээлеген кызматынан четтетүү боюнча резолюциянын долбоорун Конгресстин кароосуна киргизгенин билдирди. Ал президентти 10 миң америкалыкты афгандык “Талибан”* кыймылынын кол астына калтырып кетти деп айыптоодо.

Ал ошондой эле президент АКШнын түштүк чек арасында кризиске жол берүү менен иммиграция мыйзамдарын бузганын жана ижарага алуучуларды чыгарууга мораторийди узартуу менен Жогорку соттун позициясына карама-каршы мыйзам чыгаруу ыйгарым укуктарын өзүнө тартып алганын белгилеген.

“Жо Байден президент болуп турган жети ай ичинде Америка дүйнөдөгү аброюн жоготту. Далилдер ачык-айкын көрүнүп турат, анын иш-аракеттери майнапсыз болгондуктан ага импичмент жарыялоо керек”, — деп айтылат конгрессмен айымдын билдирүүсүндө.

Посещение президента США Джо Байдена военной базы Лэнгли-Юстис - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Байден америкалык аскерлер Афганистанда тура турушу ыктымал экенин айтты
Эки палатаны Байдендин демократиялык партиядагы өнөктөштөрү көзөмөлдөгөндүктөн анын демилгеси Конгрессте колдоо табуу мүмкүнчүлүгү аз.

Грин бир канча жолу кутум билдирүүлөрдү айтып чыгып коомчулукту таң калтырган жайы бар. Ал коронавирус жана эпидемияга каршы чараларга карата тескери пикирлерди айтканы үчүн анын Twitter баракчасы бир нече жолу бөгөттөлгөн. Бир ирет бет кап тагынуу режимин Холокост коркунучуна салыштырган, бирок кийин сөзүн кайра алып, кечирим сураган.

“Талибан”* —  Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0