Түркияда COVID-19га байланыштуу катаал чектөөлөр киргизилүүдө

© Sputnik / Сертач Каяр / Медиабанкка өтүүТүркияда ооруканада эмдөөгө кезекте турган адамдар. Архив
Түркияда ооруканада эмдөөгө кезекте турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө вакцинанын биринчи дозасын 45 миллиондон ашуун адам алган.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Түркиянын бийлиги вакцина албаган жарандардын кинотеатр жана ресторандарга кирүүсү үчүн милдеттүү түрдө ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүү талабын коюуну пландап жатат. Бул туурасында президент Режеп Тайип Эрдоган билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, 6-сентябрда жаңы окуу жылы башталгандан кийин мектепте иштеген кызматкерлер эмдөөдөн өтпөсө, жумасына эки жолудан ПЦР-тест тапшырып турат.

"Университеттин вакцина албаган кызматкерлерине жана студенттерге маал-маалы менен ПЦР-тесттен өтүү талабын коёбуз. Ошондой эле шаарлар аралык каттамдарга, учууларга жана кинотеатр, ресторан сыяктуу жайларга киргүүгө ПЦР-тестти милдеттүү кылабыз", — деп айткан Эрдоган.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө 5,7 миллион адам коронавирус менен ооруган. Анын ичинен 51 миңден ашуун бейтап каза тапкан. Учурда COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 45 миллиондон ашуун адам алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0