Афганистан: Панджшерде талибдерге каршы согушкан күчтөр Батыштан курал суроодо

© AFP / AHMAD SAHEL ARMANЗахват территорий Афганистана талибами
Захват территорий Афганистана талибами - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Талибдерге каршы күчтөрдүн лидеринин айтымында, АКШ жана анын союздаштары согуш талаасында Афганистандан жүз буруп кетип калды, бирок Америка азыр деле "демократиянын улуу арсеналы" болуп калышы мүмкүн.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы басып ала албаган Афганистандын Панджшер провинциясындагы аскердик күчтөр батыш өлкөлөрүн аларга курал-жарак жагынан жардам берүүгө чакырды. Бул туурасында талибдерге каршы күрөшүп жаткандардын лидери Ахмад Масуддун билдирүүсү Washington Post гезитине чыкканын РИА Новости билдирди.

Басылма "Талибанга"* тиш кайрагандардын лидери катары атаган "Түндүк альянстын" башчысы маркум Ахмад Шах Масуддун уулу экени маалым.

Кичүү Масуддун айтымында, АКШ жана анын союздаштары согуш талаасында Афганистандан жүз буруп кетип калды, бирок Америка азыр деле "демократиянын улуу арсеналы" болуп калышы мүмкүн.

"Дал ушул максатта Афганистандын Батыштагы достору Вашингтондо жана Нью-Йоркто конгресстин жана администрациянын (АКШ президенти Жо Байдендин — ред.) алдында бизди кубатташын сурайм. Мен окуу жайды бүткөн Лондондо ушул жазда атамды эскерип, Елисей талаасындагы аллеяга анын ысымын берген Парижди бизди жактап чыгышын сурайм", — деди Масуд.

Ошондой эле ал чакырыгынан кийин афган армиясынын аскерлери, атайын даярдыктагы отряд курал-жарак жана техникасы менен Панджшерди көздөй баратканын айткан.

"Кандай болгон күндө да, мен жана согушкер-моджахеддер афгандардын эркиндигинин акыркы чеби катары Панджшерди коргойбуз. Биздин аскердик дух табынан кайткан жок. Тажрыйбага таянып, бизди эмне күтүп жатканын билебиз. Бирок бизге көп курал, ок-дары жана жабдыктар керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Афганистандын вице-президенти Амрулла Салех. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Талибдерге каршы согушкан акыркы адам. Вице-президент тууралуу 9 факт
Буга чейин чегинүүдө баш тарткан афган армиясынын аскерлери жана маршал Абдул-Рашид Дустумдун 10 миң согушкерден турган куралданган отряды Панджшерди көздөй баратканы айтылган. Ал эми Афганистандын вице-президенти Амрулла Салехтин аскер күчтөрү Парван провинциясындагы Чарикар районунан талибдерди кууп чыгып, учурда Панджшер аймагында согушуп жатат.

Панджшер Афганистанда "Талибан"* кыймылы басып ала албаган жападан жалгыз провинция (34 провинциянын бири). Ал жердин рельефи татаал, 140 миңден ашуун калк жашайт. Провинцияда АКШ башында турган НАТОнун негизги күчтөрү топтолуп турган.

Талибдер мындан 25 жыл мурун дагы Панджшерге үстөмдүк кыла алган эмес. Алар 1996-жылы бийликке келгенде "Түндүк альянстын" лидери Ахмад Шах Масуд ушул провинцияга баш калкалап каршылык көрсөткөн. Ал 1980-жылдары советтик аскерлерге да каршы согушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0