Instagram тармагындагы ачык сүрөттөр аялдардын психикасына кандай таасир этет

© Photo / Pexels / cottonbroСоциальная сеть Instagram
Социальная сеть Instagram  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Эксперттер изилдөөгө катышкан аялдарга кыздардын ачык кийинген ар кандай кадрларын жана аларга жазылган комментарийлерди көрсөтүшкөн.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Англиянын University of Surrey окуу жайынын психологдору Instagram тармагындагы кыздардын ачык сүрөттөрүн көргөн аялдар өзүнүн денесин жактырбай баштаарын аныкташты. Бул тууралуу Известия Body Image журналына шилтеме берип жазды. 

Күзгүгө карап турган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Адис: өз келбетине нааразы болуу эпидемияга айланып бара жатат
Изилдөөгө Италиядан 19 жаштан 31 жашка чейинки 247 ыктыярчы катышкан.

Аялдарга кыздардын ачык кийинген ар кандай кадрларды жана аларга жазылган комментарийлерди көрсөтүшкөн. Андан кийин катышуучулардан өзүнүн денесин кандай баалаарын жана эмнесин өзгөрткүсү келгенин сурашкан.

Эксперименттин жүрүшүндө айымдар интернеттеги кыздардын сүрөтүн көргөндөн кийин өздөрүнөн уяла түшкөнү жана сулуулук процедураларынан өтүүнү ойлонуп калганы белгилүү болгон.

Ошол эле учурда бирөөгө суктанып жазылган комментарийлер аларга көп таасир этпегенин белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0