ЕБ талибдердин жеңишин таанып, Афганистандын коңшуларын колдоого сөз берди

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүФлаг Евросоюза
Флаг Евросоюза - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
Евробиримдиктин дипломатия боюнча башкы өкүлү талибдердин бийлик катары да таанылышы мүмкүндүгүн белгилеп, бул кийинки кадамдардан көз каранды экенин кошумчалаган.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Евробиримдик Кабулдагы бийликти ким ээлеп турганына карабай байланышта болушу керек. Бул тууралуу ЕБдин чет элдик иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель билдиргенин РИА Новости жазды. 

"Талибан"* согушту жеңди, андыктан миграциялык жана гуманитардык каатчылыктын алдын алуу үчүн ким экенине кабарай Кабулдун жаңы бийлиги менен сүйлөшүү керек", — деген Боррель.

Өкүл талибдерди Афганистандагы бийлик катары таануу алардын мындан кийинки кадамдарынан көз каранды экенин белгиледи. Мында кеп калктын бардык катмары кирген өкмөткө бийликти тынч өткөрүп берүү жана өлкө жашоочуларынын укугун коргоо тууралуу болуп жатат. Азырынча талибдердин бийликке келишин таануу эмес, диалог тууралуу сөз жүрүп жатканы айтылды.

Кабул аэропортундагы адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
АКШнын Кабулдан учкан самолетунун шассисинен адамдын дене бөлүктөрү табылган
Дипломат Евробиримдик Афганистан менен коңшу турган мамлекеттерге качкындардын агымы боюнча жардам бере турганын кошумчалаган.

Афганистанда абал акыркы аптада, талибдер өлкөнүн бардык аймагына чабуул жасап, чек араны ээлеп, 15-августта Кабулду басып алгандан кийин курчуп кетти. Президент Ашраф Гани "кан төгүүгө жол бербөө үчүн" өлкөдөн чыгып кеткен. 16-августка караган түнү талибдердин саясий кеңсесинин өкүлү Махуммед Наим Афганистандагы согуш аяктаганын, жакын арада башкаруу формасы белгилүү болорун айткан. Чет элдик кызматкерлер жана чет элдик миссия менен иштеген афгандыктар жападан жалгыз Кабулдагы аэропорт аркылуу эвакуацияланып жатат.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0