Көлөмү 13 футбол талаасындай болгон астероид Жерди көздөй учуп келе жатат

© Фото / Pixabay/ urikyo33Астероид. Архив
Астероид. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
Астрономдор астероиддин Жер планетасына кайсы күнү жакындай турганын болжолдоп, анын кооптуулугу тууралуу айтышты.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 21-августта Жер планетасына кооптуу делген 2016 AJ193 астероиди жакындайт. Бул тууралуу Москва планетарийине таянып РИА Новости жазып чыкты.

Астроном адистери ал Жердин жанынан учуп өтөрүн белгилешти.

"Жерге жакындаган астероиддер" деп аталган асман телолорунун бүтүндөй бир классы бар. Алардын жакынкы келечекте Жер планетасына 7,5 миллион чакырым же андан да жакындай ала тургандары коркунучтуу объектилер деп эсептелет. NASA уюмунун эксперттеринин айтымында, 2016 AJ193 астероиди 21-августта Жерге болжол менен 3,4 миллион чакырым жакындайт. Анын көлөмү болжол менен 1,4 чакырым деп эсептелүүдө", — деп айтылат планетарийдин билдирүүсүндө.

Тарыхта буга чейин астероиддердин Жерге бир кыйла жакын учкандары да болгон. 2011-жылы көлөмү 100 жана 360 метр болгон эки асман телосу Жер планетасына 384 миң чакырым жакындаган.

Марс планетасынын жашоо шартын кайталаган база. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
NASA Марстагыдай жашоо үчүн ыктыярчыларды издеп жатат. Видео
Жүз жыл ичинде астероиддин мындай Жерге жакын учкан 30дан ашкан учуру катталган. Эрежеге ылайык, бул айтылган асман телолорунун баары Жердин жанынан эч кандай тоскоолдуксуз өтүп кетишкен.

Илимпоздор астрономдор тарабынан байкалбаган асман телолору эң коркунучтуу экенин белгилешет. Алар Жерге кулагандан кийин гана билингени үчүн кооптуу болуп саналат. Бул — Тунгус феномени жана Челябинск метеорити. Биринчи учурда Подкаменная Тунгуска дарыясында болгон чоң жарылуунун натыйжасында 2 000 чарчы чакырымдан ашык аянттагы токой кыйраган. Экинчи учурда асманда болгон жарылууларда жергиликтүү тургундар айнектин сыныктары тийип жаракат алышкан. Планетарийдин адистери мындай учур болжол менен жүздөгөн жылдарда бир жолу болорун белгилешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0