Янукович: Россия менен байланыш Украинаны социалдык коллапстан куткарган

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүГосударственные флаги России и Украины
Государственные флаги России и Украины - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Виктор Януковичтин билдирүүсүндө Советтер Союзунун мурдагы мүчөлөрү, эң башкысы Россия менен болгон экономикалык байланыштардын инерциясы Украинаны социалдык коллапстан куткарганы айтылган.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары Украинаны Россия менен болгон экономикалык байланыштардын инерциясы куткарып турду. Бул тууралуу өлкөнүн экс-президенти Виктор Януковичтин билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды. 

Украина 24-август күнү эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Янукович 2014-жылы болгон мамлекеттик төңкөрүштө өлкөдөн чыгып кеткен.

"Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары (1990-жылдар), Конституциянын негиздери эми гана иштелип жаткан кезде бизди Советтер Союзунун мурдагы мүчөлөрү, эң башкысы Россия менен болгон экономикалык байланыштардын инерциясы бизди куткарып турду десем жаңылышпайм", — деп айтылат экс-президенттин билдирүүсүндө.

Анын айтымында, 1990-жылы Украинага "жапайы" капитализм келген кезде өлкөнүн өнөр жайы Россиянын, Беларустун, Казакстандын жана башка постсоветтик мамлекеттердин ишканалары менен тыгыз иштешип, бюджеттин толушун камсыздаган. Эгер ал болбосо социалдык коллапс болмоктугун белгилеген.

Празднование Дня соборности и свободы в Киеве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Янукович Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштүн себебин ачыктады
"Кийин бул экономикалык байланыштар начарлай баштады. Анын башкы себеби расмий Киевдин акырындык менен "батышчыл" болуп кетиши болду. Бул нерсе улутчул-патриоттордун жана Батыштын басымы менен ишке ашты. РФ менен толук кандуу кызматташтыкты сактап калуунун ортосундагы компромисс катары тышкы саясаттагы көп векторлуулук болуп калды", — деди Янукович.

Ал көп векторлуулуктун арты менен Украинанын ички стабилдүүлүгү 2014-жылга чейин сакталып келди.

Украинанын экс-президентинин толук билдирүүсүн орус тилинде окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0