23:33 28 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7974
  • EUR98.2887
  • RUB1.2024
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
85 0 0

Ири приватизациянын алкагындагы биринчи аукцион 31-августка белгиленген. Киев үч миңден ашык уюмду сатыкка койгону жатат.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. РФ президентинин алдындагы улуттар аралык мамилелер кеңешинин мүчөсү Богдан Безпалько Sputnik радиосунун эфиринде ири приватизация долбоорунун алкагында Украинанын үч миңдей мамлекеттик компаниясынын сатылышына россиялыктарды жолотпоо боюнча Киевдин чечимине комментарий берди.

The Daily Beast басылмасындагы маалыматка караганда, Киев үч миңден ашык уюмду сатыкка койгону жатат. Негизги басым АКШга жасалат. Муну менен бийлик Украинанын экономикасын Россиядан азыраак көз каранды кылууга аракет кылууда.

"Бул нерсе украиналык экономиканын Россиядан көз карандылыгын азайтуу үчүн эмес, Украинанын калган-каткан экономикасын сатып түгөтүү үчүн жасалып жатат. Мындан сырткары, бул көрүнүш Украина өкмөтүнүн эркин экономикага жана эркин рынокко умтулат деген ишенимди жокко чыгарууда. Украинада эркин рынок, эркин соода жок экени көрүнүп эле турат. Эми мамлекеттик компанияларды, мамлекеттин экономикадагы калдыктары арзыбаган каражатка батыштын трансулуттук корпорацияларына өткөрүп берилгени жатат. Процесстин мааниси ушундай", — деди Безпалько.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский өкмөт менен парламентке масштабдуу приватизацияны баштоону тапшырган. Анын алкагындагы биринчи аукцион 31-августка белгиленген.

Тема боюнча

Украина Европа аркылуу "Газпромго" чабуул койду
Белгилер:
Украина, экономика, эксперт

ЭҢ МААНИЛҮҮ