Талибдер Афганистандагы экинчи ири шаар Кандагарды басып алды

© © Sputnik / Медиабанкка өтүүАфганистандын жоокери. Архив
Афганистандын жоокери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Талибдер Афганистандын айрым аскерлери багынып берсе, кээ бири качып кеткенин билдирген. Согушкерлердин колуна шаардагы калган курал-жарак, ок-дары, транспорт каражаттары өткөнү белгилүү болду.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. "Талибан" кыймылынын согушкерлери Афганистанда калкынын саны жана аймагы боюнча экинчи орунда турган Кандагар шаарын басып алды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Жергиликтүү аткаминерлердин айтымында, согушкерлер Кандагарга бейшемби күнү кечинде кол салган. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана анын айланасындагылар аймакты таштап кетүү үчүн аэропортко качышкан. Шаарды басып алгандыгын талибдер да кабарлашкан.

Радикалдык кыймыл губернатордун кеңсеси, коопсуздук күчтөрүнүн штабы жана башка мекемелерди алганын билдирген. Алардын маалыматы боюнча, Афганистандын айрым аскерлери багынып берсе, кээ бири качып кеткен. Талибдердин колуна шаардагы калган курал-жарак, ок-дары, транспорт каражаттары өткөнү белгилүү болду.

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Шойгу ЖККУну талибдердин кирип келишине даяр турууга чакырды
Эскерте кетсек, июнь айынан бери Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда.

Афганистандагы абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0