Рекорд! Европада аба ырайынын температурасы +48 градуска чыкты

© AFP / ALBERTO PIZZOLIРим шаарынын аянтындагы кыз. Архив
Рим шаарынын аянтындагы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Метеокооптуулуктун эң жогорку "кызыл" деңгээли бейшемби күнү Италиядагы ири 10 шаарда жаралары айтылды. Ал эми жума күнү бул "кызыл" категорияга 15 шаар кирет.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Сицилияда абанын температурасы 48,8 градуска чыкты. Бул тууралуу РИА Новости Сицилиянын агрометеорологиялык маалымат борборуна шилтеме берип жазды.

Италиядагы күндүн ысыгы жалпы Европа боюнча рекорд койду. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматына караганда, термометр +48 градусту 1977-жылы көрсөткөн (Афинада).

Катуу жамгыр учурунда жөө адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Күн кескин сууктайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Жаңы рекорд шаршемби, 11-август күнү, Сицилиянын түштүк-чыгышындагы Сиракузы шаарынын чет жакасында катталган. Абанын нымдуулугу 10 пайыздык деңгээлде болгон.

Италиялык ЖМКлардын жазганына караганда, расмий эмес температуралык рекорд 1999-жылы ушул эле Сицилияда коюлган. Катенануова шаарындагы Энна провинциясында күн +48,5 градуска ысыган.

Метеокооптуулуктун эң жогорку "кызыл" деңгээли бейшемби күнү Италиядагы ири 10 шаарда жаралары айтылды. Ал эми жума күнү бул "кызыл" категорияга 15 шаар кирет. Анын ичинде Рим, Флоренция жана Бари бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0