Индияда 45 жыл мурда авиакырсыкта көз жумду делген киши үйүнө кайтып келди

© AFP / SUJIT JAISWALМумбай шаары, Индия. Архив
Мумбай шаары, Индия. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Жазылуу
Индиялык киши билет алган учак Мумбаи шаарында кыйроого учураган. Кийин ал аман калганы менен жакындарына өзү тууралуу эч нерсе билдирген эмес.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Индияда 45 жыл мурда авиакырсыктан каза болду деп эсептелген киши үйүнө кайтты. Бул тууралуу National News жазды.

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Египетте колукту үлпөт тоюнан бир саат өтүп кокусунан каза болуп калды
1974-жылы Саджид Тунгал Абу-Даби (БАЭ) шаарына барып, индиялык артисттердин жардамы менен ар кандай иш-чараларды уюштуруучу болуп иштеген. 1976-жылы Индиянын Ченнаи шаарына командировкага бармай болот. Бирок акыркы сааттарда кандайдыр себептерден улам ал барбай калып, ордуна кесиптештери кетет.

Алар учуп кеткен Indian Airlines компаниясынын учагы Мумбаи шаарында кыйроого учурап, анын ичиндеги 95 киши каза болот.

Каргашалуу окуядан кийин кесиптеш, санаалаштарын жоготуп алган Тунгал өзүн күнөөлүү сезип, узак убакытка депрессияга түшөт. 1982-жылы Мумбаиге кайтып келип, бирок карьерасы ийгиликтүү болбой калганына арданып, жакындарына кабарын билдирбей коет.

"Мен байыгандан кийин гана үйгө кайтам деп ойлогом. Араб өлкөлөрүндө ийгиликке жетпей, Мумбаиге келгем. Бирок бул жерде дагы эч нерсени кыйраткан жокмун. Ошентип ортодон 45 жыл өтүп кетти", — деген ал.

Эки жыл мурда ал үй-жайсыз адамдар баш калкалаган жайга түшкөн. Мекеменин башкаруучусуна өз окуясын айтып берген соң жетекчи анын туугандарын издеп көрүүнү чечкен.

Жыйынтыгында Тунгалдын 91 жаштагы апасы Фатима Бивинин көзү тирүү экени аныкталып, эне-бала 45 жылдан соң кайра жолугушту.

Маалыматка караганда, туугандары аны учакта каза болгондордун тизмесинен издеп, фамилиясын тапкан эмес. Бирок ал тууралуу башка кабар жок болгондуктан өлдү деп ойлошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0