Билл Гейтс ажырашкандан кийин бай адамдардын тизмесинде ылдыйлап калды

© AFP / JEFF PACHOUDMicrosoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс. Архив
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Жазылуу
Гейтс мурда Forbes рейтингинде төртүнчү болчу. Эми анын ордун Facebook тармагынын түзүүчүсү Марк Цукерберг ээлеп калды.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жубайы менен ажырашкандан кийин эң бай адамдардын тизмесинен бешинчи орунга түшүп калды. Бул тууралуу Forbes билдирди.

Басылманын маалыматына ылайык, учурда анын байлыгы 129,6 миллиард долларга бааланат. Төртүнчү сапты Гейтстин ордуна Facebook тармагынын түзүүчүсү Марк Цукерберг (130,3 миллиард доллар) ээледи.

Владелица интернет-магазина Wildberries Т. Бакальчук стала второй женщиной-миллиардером в России - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2020
1,4 млрд. доллары бар экен. Россиядагы эң бай аялдын ким экени айтылды
Билл менен Мелинда Гейтстер августтун башында расмий түрдө эки ажырым жолго түшүшкөн. Мелинданын кирешеси 5,7 миллиард долларга көбөйүп, мурдагы жолдошунун компаниясынан бир топ активдерге ээ болгон.

Американын Microsoft компаниясын 1975-жылы Билл Гейтс менен Пол Аллен негиздеген. Штаб-квартирасы Вашингтондо жайгашкан. Компания программалык камсыздоолорду иштеп чыгат. Анын ичинде Windows операциялык системасын түзгөн.

Рейтингдин сап башында Louis Vuitton Moët Hennessy тобунун президенти Бернар Арно, экинчиде Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос, үчүнчүдө Tesla жана Space X компанияларын негиздеген Илон Маск турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0