05:39 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7888
  • EUR96.2310
  • RUB1.1321
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
214 0 0

Улгайган кемпир 18ден 68 килограммга чейинки штанганы көтөрүп, пауэрлифтинг боюнча мелдештерге катышат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Флориданын (АКШ) тургуну Эдит Мурвей-Трейна 99 жашында эң улайган оор атлетчи катары дүйнөлүк рекорд жаратты. Бул туурасында "Звезда" телеканалы Гиннесттин рекорддор китебинин уюштуруучуларына таянуу менен жазды.

Улгайган кемпир 18ден 68 килограммга чейинки штанганы көтөрө алат. Ошондой эле ал пауэрлифтинг боюнча мелдештерге катышып, карып калганына карабай алдуу-күчтүүлүгү менен көрүүчүлөрдү да, калыстарды да таң калтырып келет.

Гиннесттин рекорддор китебинин YouTube каналына ал аял тууралуу сюжет дагы жарыяланган.

"Биздин үй-бүлө үчүн апабыз рекорд жаратып, Гиннесттин рекорддор китебине кириши чоң сыймык", — деп айткан кызы Хани Коттрелл.

Мурвей-Трейна учурда чөбөрө, кыбыра көрүп калган. Жаш кезинде ал бий борборунда мугалим болуп иштеген.

Ал эми 91 жашында аны курбусу фитнес-клубга чакырып, ошондон кийин пауэрлифтингге кызыгып калган.

Тема боюнча

Хирург Мамбет Мамакеев Гиннеске киргенин тастыктаган диплом алды
Белгилер:
кемпир, рекорд, штанга, Гиннес китеби

ЭҢ МААНИЛҮҮ