Египетте колукту үлпөт тоюнан бир саат өтүп кокусунан каза болуп калды

© REUTERS / POOLҮйлөнүү үлпөтү. Архив
Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Колукту ак тоюнун эртеси жерге берилип, бүт айыл акыркы сапарга узатууга келген. Дарыгерлер кыздын жүрөгү токтоп калганын айткан.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Египетте колукту сүйүктүүсүнө баш кошкондон кийин бир саат өтүп эле көз жумган. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.

Келин гүлдөр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жаңы келин кайнененин 20 жыл мурун жоготкон кызы болуп чыкты. Кытайдагы окуя
Окуя Бени-Суэйф провинциясында болду. 21 жаштагы Исра Шаабан жаңы үйгө келгенде өзүн жаман сезе баштаган. Ал жакындарына чарчап жана көкүрөгү ооруп жатканын айтып, үлпөт көйнөкчөн эси ооп жыгылган.

Аны дароо ооруканага алып барышканда медиктер жүрөгү кармаганын айткан. Дарыгерлердин көргөн аракетине карабай ал өзүнө келген эмес.

Шаабанын күтүүсүз өлүмү туугандары менен жакындарын катуу таң калтырган. Колукту ак тоюнун эртеси жерге берилип, бүт айыл акыркы сапарга узатууга келгени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0