Өзү 50 жашта. Жапжаш көрүнгөн Британия тургуну сыры менен бөлүштү

© Фото / Pixabay/ PexelsЭркек адам. Архив
Эркек адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Жигиттей көрүнгөн киши жумасына үч ирет спорт залга бара турганын айткан. Ошондой эле ал эти жок тамактарды гана жеп, кумшекер, ичимдиктен баш тарткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Улуу Британиянын 25теги жигиттей көрүнгөн 50 жаштагы тургуну Тристан Ли жаштык сыры менен бөлүштү. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды.

Ли 35 жылдан бери терисине жакшылап кам көрө турганын айтып, ошол себептен жаш көрүнөрүн белгилеген. Тристан туура тамактанып, терини жумшартуучу жана күндөн сактаган кремдердин сапаттуусун колдонорун да кошумчалаган.

"Териге кам көрүүдө табигый каражаттарды колдоном жана буга көп деле каражат жумшабайм. Жыты жок каражаттарды табууга аракет кылам. Анткени өтө жыттуулар терини дүүлүктүрүп жибериши ыктымал", — деди ал.

Мындан сырткары, ал күндө жарым сааттык сейилдөөгө чыгып, жумасына үч ирет спорт залга бара турганын айткан. Эти жок тамактарды гана жеп, кумшекер, ичимдиктен баш тарткан.

"Мен абдан жаш көрүнгөндүктөн улгайып калган адамдар кантип баарлашууну билбей, ыңгайсыз боло беришет. Ошол эле учурда канчада экенимди билген жаштар да кыйналат. Ошол себептен баары жакшы эмес", — деген Ли.

Ли сырткы келбетинен улам айрымдар аны алдамчы деп ойлой турганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0