Афганистан бийлиги талибдер менен кызматташууга даяр экенин айтты. Бир шарты бар

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү"Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнө даярдалган орундуктар. Архив
Талибан кыймылынын өкүлдөрүнө даярдалган орундуктар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бийлик "Талибан" кыймылы менен бирге иштешүүгө, аларды өкмөткө алып, ынтымакка келүүгө даяр экенин айткан.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Афганистандын расмий бийлиги "Талибан" кыймылы менен кызматташканга даяр. Бирок бийлик талибдерге террорчулукту колдоону токтотушу керек деген шарт коюуда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмардын айтымына таянып, РИА Новости билдирди.

"Биз "Талибан" кыймылы менен бирге иштешүүгө, аларды өкмөткө алып бийлик бөлүшүүгө, ынтымакка келүүгө даярбыз. Бул үчүн көп деле талап же шарт койбойбуз. Өлкө ичинде Афганистандын келечеги афган элинин эрки менен чечилиши керек. Ал эми сыртта башка бир дагы мамлекетке Афганистан коркунуч алып келбегендей болушу шарт. Ошол себептен бизде бир дагы чет элдик террордук күч болбошу керек. Бийлик "Талибан" кыймылын кабыл алууга даяр. Бирок алар террорчулукту колдоону токтотушу зарыл", — деген Атмар.

Афганистандагы элдик кошуундардын талибдер менен салгылашкан видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Афганистандагы элдик кошуундардын талибдер менен салгылашкан видеосу
Ал талибдер чет элдик пикирлештеринин жардамы менен 34 провинциянын ичинен 31инде өкмөттүк аскерлер менен урушуп жатканын айтып, бул террордук кыймылдын адамдык сапатка жатпаган иши экенин белгилеген.

Эскерте кетсек, июнь айынан бери Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тиреш жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол сала баштаган.

Афганистандагы туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0