03:57 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
"Спутник V" вакцинасы (142)
210 0 0

Изилдөө "Спутник V" менен Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын комбинациялоонун терс таасири жок экенин көрсөткөн.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Буэнос-Айрес (Аргентина) провинциясынын Саламаттык сактоо министрлигинин изилдөөсү "Спутник V" препаратын башка вакциналар менен айкалыштыруу коопсуз экенин аныктады. Бул тууралуу РИА Новости аталган региондун өкмөтүнө таянуу менен жазды.

Изилдөө дагы да уланууда, алдын ала чыгарылган жыйынтык "Спутник V" менен Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын комбинациялоонун терс таасири жок экенин көрсөткөн.

Анда бейтаптардын 41,6 пайызы эч кандай реакция болбогонун айткан. 8,4 пайызынын дене табы көтөрүлүп, бели ооруган, 50 пайызынын ийне сайган жери ооруган деген маалымат берилди.

Долбоорго 18 жаштан жогорку жарандар катышууда, алар мурда коронавирус менен оорубаган адамдар болушу керек деген шарт коюлган. Изилдөөнүн алкагында вакцинанын биринчи дозасы изилдөөгө катышууга катталардан 7-45 күн мурда сайылышы керектиги айтылган. 

"Изилдөө вакциналарды айкалыштыруунун коопсуздугу жогору экенин көрсөттү", — деп билдирген Саламаттык сактоо министрлиги.

Маалыматта Буэнос-Айресте вакциналарды айкалыштыруу боюнча дагы башка изилдөөлөр жүрүп жатканы, анын жыйынтыгы жакында белгилүү болору жазылган.

Тема:
"Спутник V" вакцинасы (142)

Тема боюнча

АКШ тарапташтары "Спутник V" вакцинасын алуу туурасында айта баштады
Белгилер:
вакцина, бейтап, изилдөө

ЭҢ МААНИЛҮҮ