09:51 26 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
90 0 0

Khaled Alkhateb International Memorial Awards — 2021 сыйлыгынын жеңүүчүлөрү 200 миң рублдан алышары айтылды.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. RT телеканалы жыл сайын өтүүчү Khaled Alkhateb International Memorial Awards эл аралык сыйлыгына арыздарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу аталган маалымат булагы расмий сайтына чыгарды.

Эл аралык премия чыр-чатактуу аймактардагы окуяларды мыкты чагылдырган журналисттерге берилет. Сыйлык 2017-жылы 30-июлда Сирияда каза болгон журналист, RT Arabic менен кызматташкан Халед аль-Хатыбдын ысымына арналып уюштурулган. Иш-чара быйыл төртүнчү ирет өтөт.

Эл аралык сыйлык төмөнкү категориялар боюнча ыйгарылат:

  • "Чыр-чатактуу аймакты чагылдырган мыкты эмгек: текст";
  • "Чыр-чатактуу аймакты чагылдырган мыкты эмгек: видео";
  • "Согуштан кийин: согушту баштан кечирип, тынч жашоого кайткан адамдардын, бүтүндөй элдин тагдыры жөнүндө текст/видео". Бул номинация быйыл алгачкы ирет сунушталып жатат.

Khaled Alkhateb International Memorial Awards — 2021 сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнө 200 миң рублдан берилет.

Сынакка катышууну каалагандар https://award.rt.com сайтына арыз жөнөтүшү керек. Жеңүүчүлөрдүн ысымдары 30-ноябрда жарыяланат.

Алгачкы жылдары сыйлык Ирак, Ирландия жана Сингапурдун журналисттерге ыйгарылган. Мыктыларды аныктоочу калыстар тобунун курамына чет элдик жана россиялык журналисттер кирген, алардын катарында Ирада Зейналова жана Евгений Поддубный бар.

2019-жылы байге үчүн 25 өлкөнүн өкүлдөрү ат салышкан.

Сирия, Ирак жана Ливиядагы согуштарды чагылдырган Россиянын, АКШнын, Италиянын жана Индиянын журналисттери сыйлыктын лауреаттары болушкан. 2020-жылы RT премиясын Россиянын, Сириянын жана Индиянын аскердик корреспонденттери алышкан.

RT телеканалы Khaled Alkhateb International Memorial Awards сыйлыгын RT Arabic менен кызматташкан 25 жаштагы журналист Халед аль-Хатыбдын ысымына арнап негиздеген. Ал 2017-жылы Сириянын Хомс провинциясындагы согушкерлердин ракеталык аткылоосунда курман болгон. Халед өз репортаждарында Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен террорчулардын ортосундагы согушту чагылдырган. 2018-жылы Россиянын президенти Владимир Путин Халед аль-Хатыбды "Эрдик" же "Каармандыгы үчүн" медалы менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул медаль маркум журналисттин ысымындагы сыйлык тапшырылган алгачкы салтанатта анын үй-бүлөсүнө берилген.

Тема боюнча

Мэрия Бишкектеги мыкты медициналык жамааттарды аныктап, сыйлык берди
Белгилер:
сыйлык, телеканал, конкурс, Russia Today

ЭҢ МААНИЛҮҮ