"Созулган оюн". Сенаторлор "Түндүк агым-2" долбоорунун айынан соодалашканда

© Sputnik / Екатерина Соловьева / Медиабанкка өтүүГерманиядагы Түндүк Агым-2 газ түтүгүнүн кургактыктагы объектилери. Архив
Германиядагы Түндүк Агым-2 газ түтүгүнүн кургактыктагы объектилери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Республикачыл сенаторлордун тобу "Түндүк агым-2" долбоорунан улам АКШнын Финансы министрлигинин ишин чектеп коюшарын айтып, сөөмөй кезешти.

Sputnik радиосунун обосунда аталган жагдай боюнча саясат таануучу, Заманбап мамлекеттик өнүгүү институтунун директору Дмитрий Солонников оюн бөлүштү.

Америкалык 12 сенатордон турган депутаттык топ АКШнын Финансы министрлиги менен Ак үйгө "Түндүк агым-2" долбооруна каршы жаңы санкция салуу боюнча шарт койгон.

Жарыяланган каттан Bloomberg агенттиги үзүндү жарыялады.

"Түндүк агым-2" газ түтүгү кошмо штаттардын улуттук кооптуулугуна, биздин өнөктөштөр менен союздаштарга зыян келтирет. Бул долбоордун аякташы Владимир Путиндин Европага жаман таасирин арттырып, Украинанын морт болуп турган коопсуздугун чайпалтат жана Россиянын мындан аркы агрессиясына көмөктөшөт", – деп айтылган маалыматта.

Газопровода Северный поток - 2  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Байден Меркель экөө "Түндүк агым" боюнча ымалага келишти. Украина унчукпашы керек
Республикачыл сенаторлор Ак үйдүн администрациясы "газ түтүгү боюнча позициясын өзгөртүп, долбоорго жаңы санкция салбаса" Финансы министрлигинин эки талапкерин дайындабай коёрун айтып коркутууда.

Мурдагы күнү Nord Stream2 AG түтүгүнүн оператору ал 99 пайыз даяр экендигин билдирди.

Sputnik радиосунун обосунда Заманбап мамлекеттик өнүгүү институтунун директору Дмитрий Солонников россиялык долбоорго каршы туруу ички саясий күрөштө курал болуп жаткандыгын айтты.

"Бул созулуп кеткен оюн болду. Азыр демократтар менен республикачылар кантип алмашып калганын көрүп жатабыз. Эми демократтар өзүнүн позициясын коргоп, "Кремлдин тыңчысы" эмес экендигин далилдеши керек. Буга чейин республикачылар беркилерди күнөөлөп, доомат артып жүрүшкөн. Эми өздөрү "тыңчы" болуп калды. Ал эми АКШнын ичиндеги позициялар да ар кыл, өлкөнүн келечегин бир гана президент аныктай албастыгы да анык. Бул позициянын авторлору "Түндүк агым-2" курулуп бүтүп, пайдаланууга берилмейин басым жасаш үчүн ар кыл аракеттерди кылышат. Бирок ал тез арада башталат, оюндун өзү да ушунда турат. Андыктан Финансы министрлигиндеги талапкерлерди дайындоону создуктура беришет. Бул кошмо штаттарынын таасири үчүн болгон күрөш", – деп эсептейт Дмитрий Солонников.

Америкалыктар эбактан бери эле "Түндүк агым-2" долбоорун үзгүлтүккө учуратуу үчүн мүмкүн болгон жолдун баарын издеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0