Индияда көчөдө соода кылган 250 адам миллионер болуп чыкты. Жашырган сыр ачылды

© AFP / NOAH SEELAMОвощной рынок в индийском городе Хайдарабад
Овощной рынок в индийском городе Хайдарабад - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2021
Жазылуу
Айрымдары байлыгын жашырып, мүлктөрүн туугандарына каттатып алса, кээ бирөөлөр түрдүү схемаларды пайдаланышкан.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Индиянын Канпуре шаарында 250 миллионер салык төлөөдөн качып, көчө соодагери сымал жүргөн. Бул тууралуу "Популярная механика" басылмасы жазып чыкты. 

Арасында мөмө-жемиш саткан, аптека күркөсүнө ээлик кылган, эски буюмдарды чогулткандары бар. Алар мындай ыкма менен көп жылдар бою салык төлөбөй келишкен.

Автомобильный ключ и деньги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2020
Транспорт салыгын кечиктиргендер он күндө 158 млн. сом төлөштү
Салыкчылар белгилегендей, байлыгын жашыргандар жалпысынан 37,5 миллион рупий (487 миң доллар) топтоп, аны кыймылсыз мүлк алууга гана сарпташкан. Маалым болгондой, айрым темир чогулткандар үчтөн автоунаанын ээси болуп чыккан. Көпчүлүгүндө гектарлаган айыл чарба жерлери бар экени аныкталды.

Бул миллионерлер салык органдарында байлыгын жашыргандарды аныктоого жардам берген чоң маалымат программасы болгонго чейин мүлктөрүн катып келишкен. Бери дегенде азык-түлүк саткан 65 дүкөндүн ээлери жана фармацевттер бизнестерин каттаткан эмес. Айрымдары байлыгын жашырып, сатып алынган мүлктөрдү үй-бүлө мүчөсүнө жаздырса, кээ бирлери түрдүү схемаларды пайдаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0