COVID-19дун курч фазасынан өткөн адам кандай кыйынчылыкка туш болот

© REUTERS / Alissa Eckert, MS; Dan Higgins, MAM/CDC/HandoutРаспространение коронавируса нового типа в мире
Распространение коронавируса нового типа в мире - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
Адистердин айтымында, коронавирустун курч фазасынан өткөн бейтаптардын дээрлик 100 пайызында чарчоо, булчуңдардын алсыздыгы, оор дем алуу, алсыроо сыяктуу көйгөйлөр жаралат.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Роспотребнадзор мекемесинен COVID-19дун курч фазасын башынан өткөргөн бейтаптар кандай кыйынчылыктарга туш болорун айтып беришти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Россиялык жана чет элдик адистердин айтымында, коронавирустун курч фазасынан өткөн бейтаптардын дээрлик 100 пайызында чарчоо, булчуңдардын алсыздыгы, оор дем алуу, алсыроо сыяктуу көйгөйлөр жаралат. Айрымдардын муундары, жүрөгү ооруп, чачы түшөт. Уйкусу бузулуп, депрессияга кабылгандар дагы бар", — дешти мекемеден.

Адистер бул көрүнүштү коронавирустан кийинки синдром деп атап, адам сөзсүз түрдө калыбына келтирүү курсунан өтүшү керектигин айтат.

COVID-19дан кийин реабилитация үчүн бейтап физиотерапиядан өтүп, дарылоочу көнүгүүлөрдү жасашы керек. Ошондой эле психолог менен логопедге барып койгону туура.

Жаңылыктар түрмөгү
0