COVID менен ооруганын жашырып хиджаб кийип учкан индонезиялык киши камалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүОткрытие нового международного терминала С в Шереметьево
Открытие нового международного терминала С в Шереметьево - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
Саякатчы жубайынын хиджабын кийип алган. Көз боемочулугу учактын дааратканасында кийимин алмаштырган учурда билингени айтылды.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Индонезияда коронавирус жуктурган киши аялынын хиджабын кийип алып самолетто учуп, кармалды. Бул тууралуу CNN Indonesia маалымат булагы жазды. 

Паранжа кийген аялдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2016
Түркияда сүйүктүүсүн көрүү үчүн чач тарачка хиджапчан барган "террорчу" кармалды
Окуя индонезиялык Citilink компаниясынын каттамында болгон. Кармалган адам Жакартадан Тернате аралына багыт алган учакка чыккан. Сапар алдында ал COVID жугузуп алганына карабай жубайынын кейпинде жашырынып өтүүгө аракет кылган. Эркек киши бүт дене боюн, бетин жаба турган хиджаб кийип алып, жубайынын документи менен учакка чыккан. Аялы илдеттен каза болгон.

Жүргүнчүлөрдү коштоочу учак кызматкерлеринин бири дааратканага кирген "аял" никабсыз (мусулман аялдар кийүүчү көзү гана ачык баш кийим) чыкканын байкап калган. Анын эркек киши экенин кызматкер Тернате аэропортунун жетекчилигине билдирген.

Учак жерге конору менен саякатчыны тез жардам унаасы күтүп алган. Аны карантинге жаткырышып, кайрадан ПЦР-тест алышкан. Натыйжада жүргүнчүнүн илдет жуктурганы аныкталып, кийин ал камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0