Афганистан көйгөйү: борбор азиялыктарды азгыруу күчөп, баңгизат өндүрүшү рекорд койду

© Sputnik / Саид Закерия / Медиабанкка өтүүКонтрольно-пропускной пункт в Кабуле
Контрольно-пропускной пункт в Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Террорчулардун Жакынкы Чыгыштагы жана Африканын түндүгүндөгү согуш болгон жерлерден курал кармагандарды Афганистанга тартып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Афганистандын түндүк жактагы провинциялары согуш оту тутанган жерлерге тездик менен айланып бара жатат. Бул туурасында Россия ТИМ жетекчисинин орун басары Андрей Руденко айтканын РИА Новости жазды.

"Талибдер Тажикстан менен чектешкен жерлерди өздөрүнүн көзөмөлүнө толук алышты. Эл аралык террордук "Ислам мамлекети", "Аль-Каида" сыяктуу уюмдардын бөлүктөрү өз позицияларын бекемдеп жатышат", — деген ал маегинде.

Афганистандын Улуттук полиция кызматкерлери Кабулдагы өткөрүү пунктунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Россия Тажикстанга Афганистан менен чектеш жерине застава курууга жардам берет
Аны менен катар эле террорчулар Жакынкы Чыгыштагы жана Африканын түндүгүндөгү согуш болгон жерлерден курал кармагандарды Афганистанга тартып жатышат.

"Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыккандарды өзүнүн катарына киргизип алуу үчүн азгыруу иштери учурда өтө активдүү жүрүп жатат. Баңгизат өндүрүшү рекорддук көрсөткүчкө жетти", — деп абалды сүрөттөп берген Руденко.

Дипломат Афганистанда азыр жүрүп жаткан процесс Борбор Азияга түздөн-түз кооптуулук жаратат деп эсептейт.

"Коңшулардын тиешелүү кооптонууларын билип турабыз . Кооптуулук жараткан бул тобокелдиктердин кесепетин азайтуу үчүн ийиндеше алып барууну колдоого алуу маанилүү экени белгиленди. Тагыраагы, бул Россия менен Борбор Азия мамлекеттеринин ТИМ жетекчилеринин 16-июлдагы IV жолугушуусунда талкууланып, анын соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алынды", — деп айтып берген.

Руденко жогорудагы кооптуулуктардын жана туруксуздуктун жаралышына, согуш отунун тутанышына америкалык контингенттин Афганистандан шашылыш чыгарылып кетиши болду деп эсептээрин билдирди.

Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда.

* "Талибан" – Россияда жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0