08:51 02 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
153 0 0

Колорадо штатындагы жаратылышты коргоо уюмунун кызматкерлери бир жаштагы аюуну бир топ түйшүк менен бактын башынан алып түшүп, өлүмдөн алып калды.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. "National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, Боулдер шаарынан алыс эмес токойдо башына челек кийгизилип калган аюунун баласы жүргөнүн ошол тегеректе жашаган тургундар тийиштүү жерге кабарлашкан.

​Алар жаныбардын мындай абалда 20 күндөн ашык жүргөнүн, бир нече күндөн бери ачка болушу да мүмкүндүгүн айтышкан. Эл колунда атайын жабдуулар жок болгондуктан аюуга жардам бере албай тургандыктарын кошумчалаган.

​Маалымат түшкөндөн кийин Colorado Parks and Wildlife уюмунун кызматкерлери барып, башына капталган челеги менен кошо бактын чокусуна чыгып кеткен аюунун баласын түйшүк менен жерге түшүргөн.

Видеодон шыбырт чыккан сайын жаш аюу челеги менен дарактын башын көздөй тырмышып, өйдөлөп жатканын көрүүгө болот. Акыры куткаруучулар уктатуучу дары сайып жерге түшүрүп, мойнуна кийилип калган челекти бир топ машакат менен кесип, бошотушкан.

Аталган уюмдун кызматкерлери бир жаштагы бул ургаачы аюу эл жашаган жерге жакындап, тоок сарайга кирип, ал жерден "чакалуу" болуп чыкканын боолголошту. Куткаруучулар жергиликтүү тургунду оокат-жайын кароосуз калтырбоону, аюуларды токойдон чыгып келип азык таап жеп кеткен адатка көндүргөндөн алыс болууну суранды.

Кадрдан бир нече киши жашоосун кооптуулукка кептеген челектен куткаргандан кийин аюунун токойду көздөй чуркап кеткендигин көрүүгө болот.

Тема боюнча

Каарына карышкырлар чыдабай. Аюу жырткычтарды тамаксыз калтырды. Видео
Ысык-Көлдө аюу менен ак илбирстер коруктун тышына чыкты. Сүрөт
Белгилер:
АКШ, аюу, куткаруучу, челек

ЭҢ МААНИЛҮҮ