COVID: вакцинанын экинчи дозасын албай койсо эмне болору айтылды

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүСтарт повторной вакцинации от COVID-19 в Санкт-Петербурге
Старт повторной вакцинации от COVID-19 в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Адис билдиргендей, учурда вакцинага ишенбеген адамдар арасында жетекчиликтин же башка тараптардын койгон талабынан эптеп кутулуу үчүн вакцинанын биринчи дозасын алып, экинчисине келбей койгондор көп кездешүүдө.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. COVID-19га каршы вакцинанын экинчи дозасын албай коюунун кесепети кандай экенин Sputnik радиосунун эфиринде Москва мамлекеттик университетинин биология факультетинин профессору, биология илимдеринин доктору Алексей Аграновский айтып берди.
Адис билдиргендей, учурда вакцинага ишенбеген адамдар арасында жетекчиликтин же башка тараптардын койгон талабынан эптеп кутулуу үчүн вакцинанын биринчи дозасын алып, экинчисине келбей койгондор көп кездешүүдө.
"Эки компоненттүү вакцинанын экөөсүн тең алмайынча иммунитет жетиштүү калыптанбайт. Өзгөчө азыр өтө кооптуу болуп турган дельта штаммынан вакцинанын бир гана дозасы коргой албайт. Биринчи доза "нөлдүк" штаммдан, башкача айтканда, алгачкы чыккан Ухань штаммынан коргошу мүмкүн. Андан кийинки, кооптуурактарынан сактануу үчүн эки ирет эмделүү зарыл", — деди Аграновский.
Ошондой эле адис антитела толук кандуу калыптанышы үчүн өзү билемдик кылбай, дозаларды убактысынан өткөрбөй алуу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0