Бронежилет кийип... Гаитинин өлтүрүлгөн президентинин аялы өлкөсүнө келди. Сүрөт

© AP Photo / Michel Jr. DESSOURCES / HANDOUTУбийство президента Гаити Жовенеля Моиза
Убийство президента Гаити Жовенеля Моиза - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Жазылуу
Гаитинин премьер-министри маркум президентти акыркы сапарга узатууга даярдык көрүү үчүн биринчи айым өлкөгө келгенин жазган.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Гаитинин киши колдуу болгон президенти Жовенель Моиздин жубайы Мартин Моиз өлкөсүнө кайтып келди. Бул туурасында Haiti-24 порталы жазды.
Ал президентке кол салуу учурунда жаракат алып Майамиде дарыланып жаткан.
Канайымды аэропорттон өлкөнүн премьер-министри Клод Жозев тосуп алган. Ал Twitter баракчасына президент Жовенель Моизди акыркы сапарга узатууга даярдык көрүлүп, андан улам биринчи айым Гаитиге келгенин жазган.
​Жозеф баракчасына жүктөгөн сүрөттөрдөн президенттин жубайы бронежилет кийип, колун таңып жүргөнү көрүнөт.
Убийство президента Гаити Жовенеля Моиза - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
ЖМК Гаити президентинин өлүмүн кимдер уюштурганын жазды
Буга чейин Гаити бийлиги Моизди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-июлда өтөрүн кабарлаган.
Эске салсак, 7-июлга караган түнү Гаити башчысынын резиденциясына кол салуу болуп, натыйжада мамлекет жетекчиси жубайы менен алган жараатынан улам каза болгону кабарланган. Кийин Гаитинин Доминикан Республикасындагы элчилиги биринчи айым көз жумду деген маалыматты төгүндөгөн. Бирок аялдын ооруканада жатканы, абалы оор экени, үч жерине ок тийгени маалымдалган.
Гаитинин укук коргоо органдары кылмышка шектүү 28 адамдын аты-жөнүн тактап, алардын 26сы Колумбиянын жараны экендигин аныкташкан. Анын 17си кармалып, жетөө жок кылынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0