Германияда суу ташкындап, каза болгондордун саны 156 адамга жетти

© REUTERS / Wolfgang RattayПоследствия наводнений в Германии
Последствия наводнений в Германии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Жазылуу
12-июлдан тарта нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Германиянын бир нече аймагын суу каптап, дарыялар нугунан чыгып, көпүрө, жолдор талкаланган.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Германияда суу ташкындап, анын кесепетинен  каза болгондордун саны 156га жетти. Бул тууралуу Bild басылмасына таянып, РИА Новости билдирди. 
Эске салсак, Германияда 12-июлдан тарта нөшөрлөп жамгыр жаап, анын кесепетинен суу ташкындап, дарыялар нугунан чыгып, адам өлүмүнө алып келүүдө
ӨКМ кызматкерлери сел жүргөн Аксы районунун Жолборсту айылында издөө иштери учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Аксыдагы 8 кишинин өмүрүн алган сел. Кичинекей баланын сөөгү табылды
Жекшемби, 18-июль күнү, эртең менен Кобленц башкармалыгынын полициясы Рейнланд-Пфальц аймагында жаратылыш кырсыгынан көз жумгандардын саны 12ден 110го өскөнүн кабарлаган.
Түндүк Рейн – Вестфалия жеринде 45 адам, ал эми Берхтесгаден районунда аз дегенде бир кишинин көз жумганы кошумчаланды.
Шаршембиге караган түнү Рейнланд-Пфальц жана Түндүк Рейн — Вестфалия жерлеринде катуу жамгыр жаап, калк жашаган аймактарды суу каптай баштаган. Жаратылыш кырсыгынан көпүрө, жолдор талкаланып, электр зымдары үзүлгөн.
Суу ташкынынан жана селден улам ишемби күнү кечинде Жогорку Бавария аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0