ЖМК: АКШ Афганистандан 12,5 миң жаранды алып кеткени жатат

© © SputnikАфганистандын аскер кызматкерлери
Афганистандын аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Жазылуу
АКШ бийлиги Афганистанда жергиликтүү калк арасындагы тарапташтарын коргоо үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнөн алар үчүн убактылуу башпаанек сураган эле.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. АКШ Афганистандан алып чыгууну пландап жаткан 2,5 миң жергиликтүү жаранды мурда пландалгандай үчүнчү өлкөлөргө эмес, түз эле өзүнүн аймагына киргизет. Бул тууралуу NBC News телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Буга чейин АКШ бийлиги аларга жардам берген афганистандыктарды Америкада туруктуу жашоого уруксат кагаздары даярдалганга чейин үчүнчү өлкөлөрдүн аймагына киргизип туруу маселесин карап жаткан. Бул арада сөз болуп жаткан адамдардын бардыгы коопсуздук боюнча текшерүүдөн өтүп, эми үй-бүлө мүчөлөрү менен түз эле АКШга кетмей болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Бейкүнөө көздөр... Афганистандагы согуштан жер которгон бөбөктөр видедо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Бейкүнөө көздөр... Афганистандагы согуштан жер которгон бөбөктөр видеодо
Мындан тышкары, АКШ менен иштешкен 10 миң киши Американын башка өлкөлөрдөгү аскер базаларына же үчүнчү өлкөлөргө чыгарылып турат.
Учурда Афганистандан НАТО күчтөрү акырындык менен чыгып кетип жатат. Мындан улам бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм деп эсептелген "Талибан" өкмөттүк күчтөр менен тирешүүдө. Буга тынчсызданган АКШ бийлиги жергиликтүү калк арасындагы тарапташтарын коргоо үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнөн алар үчүн убактылуу башпаанек сураган эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0