UFC башчысы митингге чыккан аялды Хабибге жолуктуруп, кыялын орундатты. Видео

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүUFCнин экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив
UFCнин экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Жазылуу
Америкалык аял туулган күнүндө UFC офисине плакат көтөрүп келип, экс-чемпион менен бирге сүрөткө түшүүнү сураган.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. UFC уюмунун президенти Дана Уайт мушкер Хабиб Нурмагомедовду Калифорнияда жашаган 66 жаштагы күйөрманы менен жолуктурду.
Буга чейин америкалык аял туулган күнүндө UFC офисине плакат көтөрүп келип, экс-чемпион менен бирге сүрөткө түшүүнү сураган. Митингчинин алдына UFC уюмунун президенти чыгып Нурмагомедов менен жолуктурууну убадалаган.
​Хабибдин улгайган күйөрманы менен Дана Уайттын сүйлөшүп турган видеосу соцтармакка тарап, 500 миңден ашуун адам көргөн.
Көп өтпөй уюмдун соцтармактагы баракчасына Нурмагомедов менен аталган аялдын чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланды.
"Миссия аткарылды. Хабибдин командасындагы эң улуу күйөрмандарынын бирин туулган күнү менен куттуктайбыз", — деп жазылган сүрөттүн астында.
Белгилей кетсек, россиялык мушкер өткөн жылы октябрда Жастин Гэтжини жеңгенден кийин карьерасын жыйынтыктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0