ДССУ COVID биринчи катталган Кытайдагы лабораторияларды текшерүүгө белсенүүдө

© REUTERS / Thomas PeterКытайдагы лаборатория кызматкери. Архив
Кытайдагы лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Жазылуу
ДССУнун директору вирустун пайда болушун аныктоо саясат аралашпаган илимий иш болушу керектигин билдирген.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2019-жылы декабрда COVID-19 биринчи катталган райондогу изилдөө мекемелерине жана лабораторияларга аудит жүргүзүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирустун пайда болушу тууралуу маалыматтык сессия учурунда уюмга мүчө мамлекеттердин алдында билдиргенин РИА Новости жазды.
Гебрейесус уюмга мүчө мамлекеттер буга чейин COVID-19дун кайдан чыкканын иликтөө үчүн жасала турчу беш кадам тууралуу кат алышканын эскерткен.
  • Биринчи — адамдарды, жапайы жаныбарларды, фермада кармалган жаныбарлар жана айлана-чөйрөнү комплекстүү түрдө изилдөө;
  • Экинчи — эң биринчи коронавирус катталган аймакты жана жакынкы райондорду изилдөө;
  • Үчүнчү — Ухандагы жана анын тегерек четиндеги жаныбар базарларын, анын ичинде деңиз азыктарын жана жаныбарларды дүңүнөн саткан "Хуанань" базарын изилдөөнү улантуу;
  • Төртүнчү — эпидемиологиялык жана молекулярдык эпидемиология боюнча кошумча иштерди жүргүзүп, жаныбарларга байкоо салууга байланышкан иштерди изилдөө, вирустун алгачкы өрчүшүн аныктоо;
  • Бешинчи — 2019-жылы декабрда вирус адамдардан биринчи ирет катталган райондогу изилдөөчү мекемелерге жана лабораторияларга аудит жүргүзүү.
ДССУнун директору Кытайдын "вирустун пайда болушун аныктоо саясат аралашпаган илимий иш" деген пикири менен макул экенин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0