Франция Google компаниясына 500 миллион евро айып салды

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүЛоготип компании Google
Логотип компании Google - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Google News сервисине франциялык ЖМКлардын макалаларын колдонгондугу үчүн акы төлөп берүү боюнча келишим түзүү мөөнөтүн создуктуруп жүрөт деп айыпталууда.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Франциянын Монополияга каршы кызматы Google компаниясын 500 миллион евро айыпка жыкты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип Sputnik радиосу кабарлады.
Телефондогу Twitter логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Роскомнадзор Twitter, Facebook, Google боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын ачыктады
Ошондой эле компанияга колдонгон материалдары үчүн автордун эмгек акысын төлөп бербесе, күн сайын негизги айыптын үстүнө 900 миң евродон кошулуп турары эскертилди.
Белгилей кетсек, бир жыл мурда аталган кызмат Google компаниясын жергиликтүү ЖМКлардын контентин колдонгону үчүн алар менен келишим түзүүгө милдеттендирген. Буга France-Presse агенттиги башында турган медиа-топтордун арыздануусу себеп болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0