"Дельта" штаммы дүйнөнүн 111 өлкөсүнөн табылды. ДССУнун маалыматы

© REUTERS / Willy KurniawanСитуация в Индонезии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Индонезии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жакынкы айларда "дельта" коронавирустун башка түрлөрүнө салыштырмалуу алдыга чыгып, көйгөй жараткан варианты болорун айтышкан.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынын "дельта" штаммы 111 өлкөдөн табылганын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) билдирди. Бул туурасында RT жазды. 
"Дельта" варианты акыркы эки айдын ичинде кеминде дүйнөнүн 111 өлкөсүнөн, ДССУнун бардык алты аймагынан чыкты. Ал буга чейин табылган инфекциянын башка түрлөрүнө караганда тез жуккандыгы менен тынчсыздандырып келет", — деп айтылган уюмдун жума сайын чыккан эпидемиологиялык бюллетенинде.
ДССУдан жакынкы айларда инфекциянын бул штаммы коронавирустун башка түрлөрүнө салыштырмалуу алдыга чыгып, көйгөй жараткан варианты болорун айтышкан.
Дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да коронавирус күчөп турган учуру. Соңку суткада республика боюнча 1 398 кишиден коронавирус табылып, 10 бейтап көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0