06:54 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
45 0 0

Аккаунт коопсуз болуусу үчүн Instagram телефон номер менен почтаны кошууга кеңеш берет. Анткени чукул жагдайларда администрация сиз менен байланыша ала тургандай болушу керек.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Instagram профилдин коопсуздугун бекемдөө үчүн Security Checkup функциясын ишке киргизет. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

13-июлдан тарта Security Checkup функциясы кимдин аккаунту бузулган болсо, аны коргоо үчүн бир канча этаптан өтүүнү сунуштайт. Колдонуучулар аккаунтка бөтөн адам киргенин, баракчадагы маалыматтардын тууралыгы, башка профилдер менен байланыштар сыяктуу жагдайларды текшере алат.

Аккаунттун коопсуздугу үчүн Instagram социалдык тармак колдонуучу менен байланышып, аккаунтту калыбына келтирип туруу үчүн эки факторлуу идентификацияны колдонуп, телефон номерин жана почтасын кошууну сунуштап жатат.

Тема боюнча

Бир карасаң сүрөт, бир карасаң киши. Instagram тармагындагы кызык челленждин сүрөтү
Instagram көпчүлүк күткөн функцияны ишке киргизди
Instagram өспүрүмдөрдү коргоо үчүн чектөөлөрдү киргизерин кабарлады
Белгилер:
Instagram, коргонуу, функция, коопсуздук, маалымат

ЭҢ МААНИЛҮҮ