Дарыгер коронавирустун бир нече штаммын кимдер жуктурарын айтты

© AFP / CHAIDEER MAHYUDDINКоронавируска анализ тапшырып жаткан адам. Архив
Коронавируска анализ тапшырып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Коронавирустун эки-үч штаммы бир убакта жукканда илдет оор формада өтүп, узак убакытка чейин созулушу мүмкүн.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Коронавирустун бир нече штаммын адатта иммунитети алсыз адамдар, улгайгандар жуктурушат. Бул тууралуу Борбордук илим-изилдөө институтунун клиникалык-аналитикалык иштер боюнча бөлүмдүн директорунун орун басары Наталья Пшеничная билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, коронавирустун эки-үч штаммы бир убакта жукканда илдет оор формада өтүп, узак убакытка чейин созулат.
"Көп учурда коронавирустун эки штаммы бир учурда иммунитети начар адамдарга, улгайгандарга жугат. Эки вирус чакырган оору жеңил өтпөйт. Буга кошумча узак убакытка чейин адам өзүнө келе албай кыйналат. Себеби иммундук системанын бир учурда эки штамм менен күрөшүүсү оңойго турбайт", — деди Пшеничная.
Бет капчан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Эмдөөдөн өткөндөр да маска тагынышы керекпи? Иммунолог эмне дейт
Анын айтымында, коронавирустун бир нече штаммы вирустун андан ары өзгөрүп, өнүгүүсүнө алып келиши ыктымал.
"Бир учурда эки штамм жуккан кооптуу. Анткени алар адамдын организминде көп убакытка жүрүп калганда бири-бири менен генетикалык материал бөлүшүп, жыйынтыгында вирустун жаңы варианттары жаралышы мүмкүн", — деди адис.
Дарыгер вирус көбөйүп жаңы штаммдарын чыгарбаш үчүн тезирээк вакцина алууга чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0