Индияда бир күндө 60 адам чагылган тийип көз жумду. Арасында туристтер да бар

© AFP / AAMIR QURESHIЧагырлган. Архив
Чагырлган. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди каза тапкандардын жакындарына жана жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга акчалай компенсация төлөп берүүнү убадалаган.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жакында эле Индиянын түндүгүндө 60тай адам чагылган тийип каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости NDTV телеканалына таянып билдирди.
Ага ылайык, ушул дем алыш күндөрү аймакка катуу жаан жаап, чагылган түшкөн. Жыйынтыгында Уттар-Прадеш штатында чагылган 41 адамдын өмүрүн алган. Өлүм учурлары айыл жерлеринде катталып, чагылгандан көбүнчө аялдар менен балдар көз жумганы айтылды.
"Раджхастанда чагылган Амбер сепилине түшүп, жыйынтыгында сепилде селфи жасап жүргөн 11 турист мерт болгон. Мындан тышкары, дагы тогуз адам штаттын ар кайсы жеринде чагылган тийип көз жумган", — деп айтылат билдирмеде.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди каза тапкандардын жакындарына жана жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга акчалай компенсация төлөп берүүнү убадалаганы маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0