Коронавирустун жаңы толкундарына эки нерсе себеп. Окумуштуунун билдирүүсү

© Sputnik / Алексей МайшевМедициналык кызматкер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, вирустун жаңы толкунунун пайда болушуна эки себеп бар. Булар пандемиянын көпкө созулуп кетиши жана кишилердин вакцинадан качышы.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. COVID-19дун дагы канча толкуну болору, жалпысынан пандемиянын мындан аркы тагдыры адамдардан жана алардын эмдөөгө болгон мамилесинен көз каранды. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Новосибирск мамлекеттик университетинин табигый илимдер факультетинин биотехнология жана вирусология лабораториясынын башчысы Сергей Нетесовго шилтеме берип РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, вирустун жаңы толкунунун пайда болушуна эки себеп бар. Булар пандемиянын көпкө созулуп кетиши жана кишилердин вакцинадан качышы. Жаңы штаммдардын пайда болушуна бир гана адам себепкер.
"Вирус иммунитет тартыштыгы менен жабыркаган жана онкологиялык илдеттери бар адамдардын организминде узагыраак жүрүп, кийин мутация болуп кетүүдө. Булардан тышкары, ден соолугу таза адамдар вакцина албай жүрө берип, ошол эле учурда башка өлкөлөргө барып же чет элдиктер менен байланышта болгондо бири-бирине жуккан вирустар мутация болууда. Андыктан коронавирусту жеңүүнүн жападан жалгыз жолу — вакцина алып, вируска жаңыланып кетүүгө мүмкүнчүлүк бербөө. Муну көпчүлүк адамдар ушул убакка чейин түшүнбөй жатат", — деди дарыгер.
Белгилей кетсек, учурда дүйнө жүзү боюнча SARS-CoV-2 вирусунун үчүнчү толкуну жүрүп жатат. Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коронавирус жугузгандардын саны 186 миллиондон ашты. Алардын ичинен 4 миллиондон көбүрөөк киши көз жумду. Эмдөө тууралуу айтсак, 3,4 миллиард доза вакцина сайылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0